Таласта ПЧР анализ жүргүзүүчү лаборатория ачылды

Бул лабораторияда бир күндө 800 адам ПЧР тест тапшыра алат. 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Талас облусуна болгон иш сапарында COVID-19ду аныктоочу вирусологиялык лабораториянын ачылышына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Облустагы ооруканалар буга чейин коронавирусту аныктоо үчүн анализдерди Бишкекке жөнөтүшчү. ПЧР-лаборатория заманбап алдыңкы жабдуулар менен жабдылып, күнүнө 800гө чейин анализди изилдеп чыгууга күчү жетет.

Акылбек Жапаров мындай лабораториялар өлкөнүн бардык аймактарында ачылышы керек экенин айтты.

Соңку бир күн ичинде Кыргызстанда коронавирус дагы 791 адамдан жаңы аныкталды. Саламаттык сактоо министрлиги вакцина албаган үч бейтап каза болгонун билдирди. Ооругандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тургундары.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*