Ош: журналисттер жана активисттер Темировду жана сөз эркиндин колдоо акциясына чыгышты

Сүрөт Даткабек Шабданбеков

Ош шаарындагы журналисттер аллеясында иликтөөчү журналист Болот Темировду бошотуу талабы менен тынчтык митинги өтүп жатат. Акцияга журналисттер, укук коргоочулар, блогерлер жана жарандык активисттер катышууда.

Ал эми Бишкекте Ички иштер министрлигинин алдында да Темировду бошотуу талабы менен журналисттердин жана жарандык коом өкулдөрүнүн катышуусунда нааразычылык акциясы өтүүдө. Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын көзөмөлдөө, усулдук башкармалыгынын башчысы Сапарбек Аманкулов митингдин катышуучуларына чыгып, Темиров эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен чыгарылганын билдирди.

22-январда кечки саат 19:15тер чамасында Болот Темиров баштаган иликтөөчү журналисттердин Temirov LIVE редакциясынын кеңсесине милиция кызматкерлери жана атайын кийимчен адамдар келгени белгилүү болгон. Аларга укук коргоо органдын кызматкерлери келип, кандайдыр бир документтерге кол коюуну талап кылган.

Кийин күч органдары Болот Темировдун кеңсесинде тергөө амалдарын жүргүзүп, журналистти кармап кетишкен. Ал милиция кызматкерлери алып баратканда «мага чагым болду, атайлап салып коюшту» (белгисиз затты) деп айтууга үлгүргөн.

Адвокат Нурбек Токтакунов Темировго Кылмыш-жаза кодексинин 287-беренеси (Маңзат жана психотроптук заттарды колдонууго азгыруу) боюнча иш козголгонун билдирди. Аны түндө Наркоборборго анализ тапшыртуу үчүн күч кызматкерлеринин коштоосунда алып барышкан. Маңзатка тапшырган анализдери таза чыккан.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*