
Журналисттик иликтөөлөрдү чыгарган Temirov Live ютуб-каналы менен кызматташып келген төкмө акын Болот Назаров 23-январда үй камагына чыгарылды.
«Т-Медианын» кабарчысы билдиргендей, Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Азамат Болгонбаев баштаган бир топ төкмө акындар Назаровду бошотууну талап кылып, Бишкек шаардык милициясынын алдына мөөнөтсүз төгүп ырдоо демилгеси менен чыгышты. Көп өтпөй Болот Назаровду ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин коштоосунда алып келишти.
«Азыр мыйзамдуулугун текшергенге сотко алынып баратат. Үй камагына чыгарылды. Ал жерде 15-20 мүнөт болот, андан кийин үйүнө кетет», -деди Абдиев.
Назаров аны колдоп, милициянын жанында акция өткөрүп жаткандарга ыраазылыгын билдирип, «Ак ийилет, сынбайт» деп айтты.
«Эч качан акыйкаттын ак туусу жыгылбасын. Мени колдоп келген журналисттерге «Биз — тең салмактуулукту сактай турчу 4-бийликпиз. Ар бирибиз бул сыяктуу өйдө-ылдый маселелер болот. Чыдайлы, ушундай ынтымактуу бололу».
22-январда Болот Назаровдун дайыны чыкпай жатканы социалдык тармактарга чыга баштаган. Кийиинчерээк аны милиция 23-январга караган түнү кармап кеткени белгилүү болду. ИИМдин маалыматына караганда, кылмыш иши козголуп, экөө тең шектүү катары өтүп жатышат.
Министрликтин Тергөө кызматынын көзөмөлдөө, усулдук башкармалыгынын башчысы Сапарбек Аманкуловдун айтымында, Болот Темиров менен Болот Назаров баңгизатты мыйзамсыз колдонууга жана сактоого айыпталып жатат.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 23-январдагы брифингде наркологиялык текшерүүдөн төкмө акындын анализдери таза эмес чыкканын айтты. Ал эми адвокат Нурбек Токтакунов Темировго да, Назаровго да кармоо учурунда маңзатты атайылап салып коюшканын айтууда. Күч органдары буга жооп бере элек.
Болот Назаров бийликти сындап, коррупциялык иштерди ырга салып төгүп жүрөт. Анын Ютуб-каналына акыркы жолу «Эки дос», «Камчыке, кара калкыңды» деген чыгармалары жарыяланган.
Оставьте первый комментарий