Ташиев бүгүн Темировдун баш коргоо чарасы караларын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев иликтөөчү журналист Болот Темировдун башк коргоо чарасы бүгүн караларын билдирди. Ал 23-январда журналистерге маалымат жыйын берип жатып Темировдун маңзатка тапшырган анализинин таза чыкканы кубандырганын, жазасын жеңилдетерин белгиледи. 

«Канынан баңгизат чыккан жок. Бул бизди кубандырат. Экинчиден, жазасын жеңилдетет. Болотту түрмөгө камабай эле, сыртта жүрүп эле иликтөө жүргүзүлө берсин деп аракет кылам. Муну соттор чечет. Бүгүн баш коргоо чарасы каралат. Буга УКМКнын эч тиешеси жок. Альфанын тиешеси жок. ИИМ ишти мыйзам чегинде жүргүзүп жатат. Айыптары далилденбесе, мыйзам чегинде чыгат. Журналситер эч канчан кысым болбош керек, биз аларды ар дайым колдоп, кубаттап жүрүшүбүз керек».

22-январда кечки саат 19:15тер чамасында Болот Темиров баштаган иликтөөчү журналисттердин Temirov LIVE редакциясынын кеңсесине милиция кызматкерлери жана атайын кийимчен адамдар келгени белгилүү болгон. Аларга укук коргоо органдын кызматкерлери келип, кандайдыр бир документтерге кол коюуну талап кылган.

Кийин күч органдары Болот Темировдун кеңсесинде тергөө амалдарын жүргүзүп, журналистти кармап кетишкен. Ал милиция кызматкерлери алып баратканда «мага чагым болду, атайлап салып коюшту» (белгисиз затты) деп айтууга үлгүргөн.

Адвокат Нурбек Токтакунов Темировго Кылмыш-жаза кодексинин 287-беренеси (Маңзат жана психотроптук заттарды колдонууга азгыруу) боюнча иш козголгонун билдирди. Аны түндө Наркоборборго анализ тапшыртуу үчүн күч кызматкерлеринин коштоосунда алып барышкан. Маңзатка тапшырган анализдери таза чыккан.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы журналисттин кармалышы боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүп жатканын, толук маалымат 23-январда берилерин билдирген. Азырынча расмий маалымат айтыла элек.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*