Бажы кызматы мамлекетке 170 млн сомдон ашуун зыян келтирген

Башкы прокуратура Бажы кызматындагы коррупция мамлекетке 170 млн зыян келтиргенин маалымдады.

Башкы көзөмөл орган ишкерлердин ишмердүүлүгүнө мыйзамсыз кийлигишүү фактыларын аныктоо жана алдын алуу максатында өлкөгө алынып келинген транспорт каражаттарын бажылык жол-жоболоронун мыйзамдуулугун текшерген.   

«Жыйынтыгында бажы органдарынын кызмат адамдары транспорт каражаттарын ташыган тараптар менен укукка жат туруктуу байланышта болушкан. Материалдык каражат жана артыкчылыктарды табуу максатында, Евразия экономикалык биримдигинин мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен 2019-жылы өлкө аймагына келген автобустарды төмөндөтүлгөн тарифтерди колдонуу менен мыйзамсыз каттоодон өткөрүшкөндүгү аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө аракеттери Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*