
Кыргызстан боюнча жарык берүү 60% калыбына келтирилди. Бул тууралуу бүгүн, 25-январдагы маалымат жыйында энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.
Министр өлкөнүн түштүк аймагы электр жарыгы менен толук камсыз болгонун белгиледи. Ошондой эле учурда энергетиктер ички абалды жөнгө салуу боюнча бардык аракеттерди көрүп жатышат. Мындан тышкары Бишкек ЖЭБде жылуулук берүү иштери түнгө чейин калыбына келтирилет. Электр энергиясынын өчүшүнөн улам келтирилген чыгымдар кийин эсептелет.
«Учурда Кыргызстанда жарым-жартылай электр энергиясы берилип, калган аймактарды электр энергиясы менен камсыздоо аракети жүрүп жатат. Азырынча авария эмнеден улам болгону тактала элек. Шакекчеге кирген кошуна өлкөлөр менен чогуу иштешип жатабыз. Биз пайдаланып жаткан бирдиктүү энергетика системасында мындай абал биринчи жолу жаралды», -деди энергетика министри Доскул Бекмурзаев.
Министрдин айтымында, 25-январда Кыргызстандын 50% жарыксыз калып, саат 16.00гө карата 60% калыбына келтирилди. Учурда Токтогул ГЭСинде 9 млрд. 300 млн. куб метрдин тегерегинде суу бар.
Кыргызстандын бир топ аймактарында түшкү саат 12де электр энергиясы өчтү. Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы жарык Борбор Азия боюнча өчкөнүн билдирди. Казакстан менен Өзбекстандын жалпыга маалымдоо каражаттары дагы өлкөнүн бир катар аймактарында жарык жок экенин билдиришти.
2013-жылы 12-январда Борбор Азия энергетикалык айлампасында эки ири авария болгон. Жамбыл-Фрунзе 500 кВ линиясы да иштебей калган. Кыргызстан Токтогул-Фрунзе линиясынан гана электр жарыгын алып калган. Электр энергиянын 40% Токтогул – Ташкент – Чымкент – Жамбыл аркылуу келип, Фрунзе көмөк чордонунда бөлүштүрүлөт.
Кыргызстанга эки чоң линия Казакстан менен Өзбекстан аркылуу келет.
Оставьте первый комментарий