
Акыркы 24 сааттын ичинде COVID-19 илдетин 412 киши жуктуруп алды. Ооруп жаткандардын 511и айыгып чыкты. Ошол эле учурда 3 бейтап каза болду.
Республикалык штабдын маалыматы боюнча жаңы учурлардын аймактар боюнча саны:
Бишкек – 242;
Ош – 2;
Чүй облусу – 91;
Ош облусу– 9;
Талас облусу – 5;
Нарын облусу – 2;
Ыссык-Көл облусу – 12;
Жалал-Абад облусу – 37;
Баткен облусу – 12.
Жалпы жуктургандар пандемия башталгандан бери 196 232 адамга жетти. Анын ичинен айыккандар 184 028. Курмандыктар 2854.
Учурда ооруканада 1 139, үй шартында 6 709 киши дарыланып жатат.
Оставьте первый комментарий