УКМК мамлекеттик кызматкерлердин дипломдорун текшере баштады

Жасалма диплом алганын ачык айтып, ыктыярдуу келгендер кылмыш жоопкерчилигинен бошотулаары айтылды.

Улуттук коопсуздук комитети мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин дипломун текшерүүнү баштады. Атайын кызмат жасалма документ алып, анысын колдонуп жүргөн жарандарды ыктыярдуу түрдө кайрылууга чакырды. Алар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат жана анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

«Мурдагы жана азыркы депутаттардын жасалма диплом пайдаланганы, билим берүү чөйрөсүндөгү укуктук-ченемдик актылардын одоно бузулушуна байланыштуу акыркы окуялар мамлекеттик органдардын жооптуу адамдары тарабынан билим берүү процессине тийиштүү көзөмөлдүн жоктугун, анын ичинде жогорку окуу жайлардын ишинде коррупциялык көрүнүштөрдүн бар экенин көрсөтөт», — деп айтылат маалыматта.

УКМК жогорку билими тууралуу документтерди мыйзамсыз, жасалма жол менен даярдоо жана пайдалануу кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет. Андайда жарандар мамлекеттик кызматты мыйзамсыз ээлегенинин натыйжасында келтирилген зыяндын ордун  толтуруп бериши керек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 23-январда өткөргөн басма сөз жыйынында өлкөдөгү бардык мамлекеттик кызматкерлердин жогорку билими тууралуу дипломдору алдыдагы үч айда толук текшерилерин билдирген. Анын айтымында, мындай тапшырманы президент Садыр Жапаров берди.

20-январда Борбордук шайлоо комиссиясы Орозайым Нарматованы Жогорку Кеңештин депутаты мандатынан ажыраткан. Мындай чечимге Нарматова жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө УКМК менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы негиз болду.

2021-жылы кабыл алынган жаңы Шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер жогорку билимдүү болушу керек.

Диплом чуусу: Орозайым Нарматова БШКнын чечимине каршы сотко даттанбайт

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*