
Иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровду колдоп тынч митингге чыккан активист Атай Бейшенбек аны белгисиз адамдар аңдыганын «Фейсбуктагы» баракчасына жазып, видеосун жүктөдү.
Бейшенбеков 23-январда нааразычылык акциясынан кийин үйүнө кайтып келе жатканда артынан бирөөлөр чуркап келе жатканын байкаган. Анын айтымында, үйүнүн подъездине жетип, эшикти жаба койгонго үлгүргөн. Аңдып келе жаткандар подъездге кире албай калган.
«Кече күнкү акциядан кийин үйгө кирип баратканда түшүнүксүз эргулбайлар аркаман келип жетишпей калышты. Эмне кылгысы келген, кандай мааниде артыман келип эшик жулгулады түшүнүксүз. Үйгө кирип келе жатып аркамдан шашып чуркап келе жаткандарын угуп тез басып кирип кеттим эле. Эшикти жулкулдатып жатып жетишпей калгандарын талкуу кылып жатышканда лифт чакырып кетип калгам. Бүгүн видео байкоодон карасам бул жигиттер экен», -деди активист.
Буга чейин Темиров менен Назаровду сотто активдүү колдоп турган Нургазы Шайлообеков жана Айбек Назаркуловду митинг бүткөндөн кийин милиция кармап кетип, 24-январда таңга маал коё берилген. Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова активисттерди тез арада бошотуу зарылдыгын белгилеп, ички иштер министри Улан Ниязбекого кайрылган.
Милиция алар Бишкектин Чүй проспектиси менен Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде катталган мушташка байланыштуу кармалганын кабарлады.
Оставьте первый комментарий