Дастан Бекешев: журналисттик иликтөөгө маданияттуу ыкма менен жооп бергиле

Дастан Бекешев

Журналисттин иликтөөсү кандай болбосун анын жеке жашоосуна кийлигишпей, маданияттуу түрдө жооп берек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттин бүгүнкү, 26-январдагы жыйынында айтты.

«Иликтөө туура эмеспи, жалган болобу, журналисттерге цивилдүү жол менен жооп берүү керек. Анын жолдору бар. Пресс конференция уюштуруп же пресс-релиз берип жана башка. Бирок аларга басым кылып, жеке жашоосун видеого тартып, аны жарыялап, эми ушундай деңгээлге түшпөсөк. Чындыгында УКМК өзү эле уят болуп жатат. Атайын кызматка, Башкы прокуратурага айтат элем, цивилдүү метод менен жооп берсеңер».

«Ташиевдин схемасы». Журналисттик иликтөө

20-январда Темиров Live ютуб-каналынын журналисттери УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары менен байланышы бар компания Кыргызстанда өндүрүлгөн мазутту чет жакка сатып, киреше таап жатканы тууралуу видео иликтөө жарыялаган. Анда Жалал-Абаддагы «Кыргызнефтегаз» мамлекеттик ишканасына караштуу «Кыргыз Петролеум Компани» жабык акционердик коому «Регион Ойл» жеке компаниясы аркылуу Өзбекстанга мазут экспорттоп жатканы баяндалат. Компания ортомчу ишкана болуп туруп эле эки күндүн ичинде 37 млн сомдук киреше тапканы айтылат.

Ошондой эле иликтөөдө «Кыргыз Петролеум Компани» компаниясын Ташиевдин жээни, 31 жаштагы Байгазы Матисаков жетектеп жатканы тууралуу сөз болот. Матисаков бул кызматка 2020-жылы бийликке учурдагы президент Садыр Жапаров келгенден кийин дайындалган.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 18-декабрында жумушчу сапарынын алкагында аталган ишканага барган. Анда ал «Кыргыз Петролеум Компани» 2020-жылы 47 млн сом зыян тартса, 2021-жылы ишкананын таза кирешеси 160 млн сомду түзгөнүн билдирген.

«Регион Ойл» жана Ташиевдер

Юстиция министрлигинде «Регион Ойл» компаниясынын негиздөөчүсү катары 34 жаштагы Айдарова Назгүл Кубанычбековна аттуу жаран көрсөтүлгөн. Ишкана 2020-жылы түзүлүп, 2021-жылдын апрель айынан гана толук кандуу ишке киришкен. Айдарова Байгазы Матисаков сыяктуу эле Ташиевдердин жакын адамы. Ал 2021-жылы апрелде Жалал-Абад шаардык кеңешине өткөн шайлоого «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын катарында катышкан, бирок мандатка илешпей калган.

Айдарова шаардык кеңешке талапкерлигин койгондо «Жалал-Абад мунай кайра иштетүүчү заводдо» бухгалтер болуп иштегенин көрсөткөн. Заводдун негиздөөчүсү Казыбек Ташиев, ал эми директору Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев болуп саналат. Мындан сырткары, Айдарова 2021-жылы парламенттик шайлоодо талапкер Шайырбек Ташиевдин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болгону ачыкталды.

Регион Ойл» компаниясы «Кыргыз Петролеум Компаниде» өндүрүлгөн мазутту экспорттойт. Ишкана 2021-жылдын 23-24-июнь күндөрү Өзбекстандын Фергана шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводуна 3 666 тонна мазут экспорттогонун билдирди. Андан 37 млн сом киреше тапкан.

22-январда иликтөөчү журналист Болот Темировдун кеңсесинде тергөө маладры жүргүзүлүп, милиция аны кармап кеткен. Ал өзүнүн кармалышын дал ушул иликтөө байланыштырган.

Журналист менен төкмө акындын кармалышы

22-январда кечки саат 19:15тер чамасында Болот Темиров баштаган иликтөөчү журналисттердин Temirov LIVE редакциясынын кеңсесине милиция кызматкерлери жана атайын кийимчен адамдар келгени белгилүү болгон. Аларга укук коргоо органдын кызматкерлери келип, кандайдыр бир документтерге кол коюуну талап кылган. 23-январга караган түнү күч органдары Болот Темировдун кеңсесинде тергөө амалдарын жүргүзүп, журналистти кармап кетишкен. Ал милиция кызматкерлери алып баратканда «мага чагым болду, атайлап салып коюшту» (белгисиз затты) деп айтууга үлгүргөн.

Ошол эле күнү милиция Болот Темиров менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду да кармап кеткен. ИИМ имаратынын алдында ондогон медиа өкүлдөрү, акындар, жарандык активисттер каршылык акциясын өткөрүшкөн. Натыйжада экөө тең ошол эле күнү эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган.

Ички иштер мминистри Улан Ниязбековдун билдирүүсүндө аларга Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгонун (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо) маалымдады.

Автор Т-медиа 11406 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*