Элчилик: Россияда туруктуу жашаган жери жок эки кыргызстандык мекенге кайтарылууда

Россияда туруктуу жашаган жери жок, оор кырдаалга кабылган эки жаран өлкөгө кайтарылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Аларга мекенине кайтуу тууралуу күбөлүк даярдалып, диаспора уюмдарынын жардамы менен авиабилет сатылып алынган.

«Элчиликтин кызматкерлери оор турмуштук кырдаалга туш болгон кыргызстандыктарга консулдук жана юридикалык жардам көрсөтүштү. Алар Москва шаарындагы Павелецкий, Казанский, Курский, Ярославский, Ленинград вокзалдарында барышкан. Казанский жана Павелецкий вокзалдарында туруктуу жашаган жери жок 8 Кыргызстадын жараны аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Алардын ичинен төртөө консулдук жардамдан баш тарткан. Бир жаранга паспорт алууга жардам көрсөтүлүп, ишке орноштуруу пландалган.

Элчилик бул иш-чаралар мындан ары да улантыларын кошумчалаган.

Россияда Кыргызстандын 1 миллиондон ашуун жараны эмгек миграцияда жүргөнү айтылып келет.

Т-медиа
Автор Т-медиа 10215 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо