Өкмөт дары-дармек экспорттоого тыюу салды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 25-январда медициналык мекемелерди COVID-19 вирусунун кескин жайылуу ыктымалына даярданууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт зарыл болгон учурда дарылоо мекемелеринде кошумча орундарды ыкчам ачуу, суюк кычкылтек станцияларын ишке киргизүү маселесин чечүүнү тездетүү сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жарандардын вирус жуктуруп алуу ыктымалдуугугун өсүшү жакынкы бир нече апта бою сакталашы мүмкүн экенин айтты.

Бул арада Министрлер кабинети өлкөдөн дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды ташып чыгууга (экспорттоого) 6 айга убактылуу тыюу салды.

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

26-январга карата Кыргызстанда коронавирус 370 адамдан жаңы аныкталды. Ооругандардын басымдуу бөлүгү – 245 киши Бишкек шаарынын тургундары.

Саламаттык сактоо министрлиги вирустан акыркы суткада дагы төрт бейтап каза болгонун билдирди. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуккандардын жалпы саны 196 миңден ашты, 2858 бейтап каза болду.

Саламаттык сактоо министрлиги ай башында коронавирустун «омикрон» штаммы катталып, өлкөдө коронавирустун төртүнчү толкуну башталганын билдирген. Оору кескин көбөйгөндүктөн Бишкек «кызыл зонага» кирип, бир катар билим берүү мекемелери онлайн форматта окууга өткөн.

Т-медиа
Автор Т-медиа 10215 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо