УКМК диплом текшерүүнү баштады. Биринчи тизмеге кимдер илешти?

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жогорку билими тууралуу жасалма дипломдорду аныктоо фактылары боюнча маалымат таратты.

Ага ылайык, биринчи тизмеге ИИМ менен Эсеп палатасынын кызматкерлери илешкен.

Учурда ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын «С.Ы.К» аттуу кызматкери менен Эсеп палатасынын «С.З.А» аттуу аудитинин жогорку билими тууралуу жасалма диплому бар экендиги боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. 

«Алынган маалыматтарга ылайык, аталган жарандар кадр бөлүмдөрүнө Россиянын жогорку окуу жайларынын биринин «юриспруденция» адистиги жана Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча аяктагандыгы тууралуу дипломдорун беришкен», — деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда бул фактылар боюнча материалдар УКМКтарабынан каралууда.

Эскертсек кечээ, УКМК дипломдор текшерилип баштаганын билдирген. Атайын кызмат жасалма диплом алганын ачык айтып, ыктыярдуу келгендер кылмыш жоопкерчилигинен бошотулаарын кошумчалаган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 23-январда өткөргөн басма сөз жыйынында өлкөдөгү бардык мамлекеттик кызматкерлердин жогорку билими тууралуу дипломдору алдыдагы үч айда толук текшерилерин билдирген. Анын айтымында, мындай тапшырманы президент Садыр Жапаров берген.

20-январда Борбордук шайлоо комиссиясы Орозайым Нарматованы Жогорку Кеңештин депутаты мандатынан ажыраткан. Мындай чечимге Нарматова жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө УКМК менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы негиз болгон.

Т-медиа
Автор Т-медиа 10215 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо