БШК: Исхак Масалиев бир мандаттуу округдан кайра шайлоого катыша албайт

Исхак Масалиев

Депутат Исхак Масалиев кайра шайлоо дайындалган бир мандаттуу Биринчи май округунан талапкер болууга арыз берген. Бирок, БШК катышууга макулдук  берген жок. Бул тууралуу эл өкүлү социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. 

Исхак Масалиев кайра шайлоого оппозициячыл депутаттардын санын көбөйтүү үчүн катышууга аракет кылган.

«Негизгиси, мен шайланып калсам, парламенттеги ордума “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен башка депутат келмек. Муну менен Жогорку Кеңеште оппозициячыл депутаттардын саны көбөймөк.  Буга мыйзам тыюу салбайт. Бирок БШКдан мага катышууга уруксат берген жок. Мыйзамсыздык азыр көнүмүш адатка айланып калгандыктан, сотко берейин, далилдейин деген ниетим жок. Мен БШКнын жетекчиси менен сүйлөштүм, ал да жумушчу топ менен бирдей пикирде. Президент аны сыйлагандыктан, талаш-тартыштын жыйынтыгын айтуу кыйын эмес. Ар бир талапкерге ийгилик каалайм», — деп жазган Масалиев.

Ал былтыр өткөн парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен катышып мандат алган болчу.

БШКнын эл өкүлүнө жооп катары берген катында «Бир адам партиядан да бир мандаттуу округдан да шайлоого катышууга мүмкүн эмес. Ошондой эле бир партия бир мандаттуу округдан бирден ашык талапкер көрсөтө албайт», — деп билдирген.

Бишкектеги Биринчи май жана Свердлов шайлоо округдарына кайра шайлоо 28-февралга дайындалган. Бүгүн талапкерлерди каттоонун акыркы күнү. Ушул тапта БШК 18 талапкерди каттаган.

Автор Т-медиа 11133 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*