Чек арадагы жаңжалдан 4 аскер жаракат алды

Баткендеги кыргыз-тажик чек ара чырынан төрт аскер жаракат алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтин Баткен облусу боюнча координатору Арзыбек Бөрүбековдун маалыматы боюнча, учурда аскерлер тез жардам менен Көк-Таш айылынан  үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна алынып келинүүдө. 

Дарыгерлер жабырлануучулардын абалы тууралуу кийинчерээк маалымат бере тургандыктарын билдиришүүдө.

27-январдын кечинде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ок атышууга айланды. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы анда «тажик тарап миномет жана гранатомётторду колдонуп жатканын» маалымдоодо.

Тажикстан Баткен-Исфана жолун тосту

Т-медиа
Автор Т-медиа 10215 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо