Ноокенде өз жанын кыйган милиция кызматкеринин өлүмү иликтенүүдө

Ноокенде 33 жаштагы милиция кызматкери өзүн кызматтык курал менен башка атып каза болду. Маалыматты «Т-Медиага» Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Окуя 26-январда саат 17:30 чамасында райондук милиция бөлүмүндө болгон. Күзөт бөлүмүнүн кызматкери, милициянын улук сержанты Р.Тнын сөөгү дааратканадан табылган.

Окуя болгон жерге укук коргоо органдарынын тергөө ыкчам топтору барып, кароо жүргүзүлүп, тиешелүү материалдар чогултулду. Топтолгон материалдар Кылмыштардын бирдиктүү реестрине өз өмүрүн кыюу катары катталып, материал райондук прокуратурага өткөрүп берилген.

Автор Т-медиа 11133 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*