Баткен: чек арада жараат алган он бир адам ооруканада

Саламаттык сактоо министрлигинин 28-январь, таңкы саат жетиге карата маалыматы боюнча, Баткенде кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги куралдуу кагылышта ар кандай жараат алган 11 киши облустук ооруканада жатат. Дарыгерлер алардын абалын орточо оор деп баалашууда.

Министрликтин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова бейтаптардын баары аскер кызматкерлери экенин «Т-Медиага» билдирди. Алар облустук оорукананын травматология жана хирургия бөлүмүндө дарыланууда.

27-январдын кечинде кыргыз-тажик чек арасында атышуу башталган. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы «тажик тарап миномет жана гранатомётторду колдонуп жатканын» маалымдаган.

Кагылыш Баткендеги Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы кесилишкен жерде, Төрт-Көчөдө чыкты. Мында Кыргызстандын Баткен — Исфана жолу менен Тажикстандын Ворух анклавына кеткен жол кесилишет. Кыргыз тарап жолду тажик тараптын чек ара кызматкерлери тосуп баштаган деп айыптаса, Тажикстандын бийлиги кыргыз тараптан чагым болду деп жатат. Сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген.

Тараптар атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашканы 28-январда саат 04:10до маалымдалды.

Тажиктер жактан 17 адам жараат алганы бейрасмий кабарланды.

Т-медиа
Автор Т-медиа 10215 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо