Баткенде электр чубалгыларын оңдоп-түзөө иштери башталды

Баткен облусунда кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги куралдуу жаңжалда үзүлгөн электр чубалгыларын оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Энергетика министрлигинин басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова билдирди.

Маалыматта «Ошэлектрдин» кызматкерлери ал жакта оперативдүү түрдө иштеп жатканы, жакын арада ар бир үйгө электр энергиясы кошулары айтылат. Абал министр Доскул Бекмурзаевдин көзөмөлүндө турат.

27-январда министрлик Баткен РЭТинде 35/10 кВ Самаркандек көмөкчү чордонунан чыккан Орто-Боз аба чубалгылары тажик тарап ок чыгаргандан кийин жабыркаганынын билдирген. Мындан улам Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Бос, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек айылдарында жарык өчүп калган.

Т-медиа
Автор Т-медиа 10215 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо