Чек арада абал турукташты

Бүгүн, эрте менен саат 8:00гө карата кыргыз-тажик чек ара аймагында абал салыштырмалуу тынч деп бааланууда. Самаркандек, Көк-Таш, Дахма, Көчө-Бою жана Головнойдо кырдаал туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, түн тынч өткөн. Бирок, күч органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.

28-январга караган түнү саат 3:30да Президенттин  Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Кыргызстандын Баткен багыты боюнча чек ара өкүлү полковник Кыялбек Төлөнбаев Тажикстандын Согдий облусу боюнча губернатору жана алардын чек ара өкүлү менен жолугушуусу өткөн.

Анда эки тарап төмөндөкүдөй келишимдерди макулдашкан.

-ок атууну токтотуу;

-эки тараптын чек арага тартылган кошумча күч жана каражаттарын мурдагы жайгашкан жерлерине алып кетүү;

-Баткен-Исфана авто жол каттамын ачуу;

-чыр-чатактардын күчөп кетпөөсүн алдын-алып чектеш аймактарда Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери биргеликте кайгуул уюштуруу.

Автор Т-медиа 11883 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*