Эки тараптын сүйлөшүүсү жыйынтыкталды. Эмнелер макулдашылды?

Бүгүн, 28-январь саат 15ке карата эки тараптын өкүлдөрүнүн дагы бир сүйлөшүүсү өттү. Жыйынтыгында бир нече макулдашуулар келишилди.

Эки тараптын өкүлдөрүнүн жолугушуусу Достук заставасында өттү. Кыргыз тараптан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, тажик тараптан Раджабба Ахмадзода баштаган делегация келген. Эки тарап ок атышууну токтотууга жана аскерлерин чыгарып кетүүгө даяр экендиктерин сүйлөшүшкөн.

«Кечээки окуяны иликтөө үчүн комиссия түзүүнү чечтик. Ал комиссия чырдын келип чыгуу себептерин карайт. Мындан сырткары, ӨКМге үйлөрүнөн чыгарылган адамдарды кайра кайтаруу тапшырмасы берилди. Алар кечке чейин өз үйлөрүндө болуп калышы керек. Ошондой эле чек арадагы күч түзүмдөрүн өз бөлүктөрүнө кайтаруу чечими кабыл алынды. Бул боюнча чогулуш өтүп жатат. Чек арада бир гана чек арачылар жана милициянын керектүү кызматкерлери калып, калганы кетет. Тажикстан бүгүн, 28-январда өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын аткарат деп ойлойм», — деп билдирген жолугушуудан соң Ташиев.


Жыйындын жүрүшүндө атышуулардын себептери жана келтирилген чыгым боюнча айыптоолор айтылган. Чек ара кызматы Камчыбек Ташиев кырдаалдын курчушуна алып келген тараптардын тирешүү аракеттерин дипломатиялык жол менен токтотуп, чыңалууну басаңдатуу боюнча бир катар конкреттүү чараларды сунуштаганын маалымдады.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында төмөнкү келишимдер макулдашылган.

  1. Чыр-чатактын келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн эки тараптуу комиссия түзүлсүн;
  2. Аскерлерди чек ара тилкелеринин чегинен тышкары чыгарып кетүү;
  3. Чек араларда коомдук тартипти сактаган чек арачылар менен милиция кызматкерлерин гана калтыруу;
  4. Келишимдердин аткарылышы үчүн делегациянын жетекчиси жеке жоопкерчилик тартат.

Камчыбек Ташиев чыңалуу басаңдаганга чейин Баткенде болоорун белгилеген.

Ошондой эле, тараптар чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин тездетүүнү макулдашышкан.

Автор Т-медиа 10833 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*