ИИМ: Көк-Таш айылындагы окуя боюнча кылмыш иши козголду

Кечээ, 27-январь күнү чек арада болгон окуя боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Аталган факт боюнча Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 402-беренеси (тынчтыкка каршы кылмыштар) менен катталып, тергөө иштери башталды. Ал эми денесинен жараат алгандарга соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Кечээ,  саат 18:00 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылы менен Тажикстандын Согди облусунун Исфара районунун Самониен айылы чектешкен, такталбаган чек ара тилкесинде коңшу өлкөнүн жергиликтүү тургундары курулуш иштерин жүргүзүп башташкан.

Кыргызстандын чек ара кызматкерлери тарабынан токтотуу талабы коюлган.  Ага каршы болгон Тажикстандын жарандары Ош-Исфана унаа жолу менен Исфара-Ворух жолдорунун кесилишине таштарды коюп, жолду тосуп алышкан. 

Эки өлкөнүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жолугуп сүйлөшүү өткөрүлүп, курулуш иштерин токтотуу, унаа жолун ачуу боюнча макулдашууга жетишкен.

Бирок саат 19:30 чамасында эл аралык келишимдерди бузуу менен улуттук кастыкты көздөп, куралдуу агрессияны пландап, агрессивдүү согушту көрсөтүү максатында жөнөкөй жарандар жашап жаткан Баткен районунун Көк-Таш айылынын Чыр-Дөбө, Кум-Мазар, Дахма участкаларына, Орто-Боз айылынын Төрт-Көчө участкасына жана Көк-Таш айылындагы  ИИМдин Ички Аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн имаратына Тажикстандын   Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери оор ок атуучу куралдарды колдонуу менен кол салышкан.

Натыйжада,  жергиликтүү тургундарынын турак жайлары, 707 аскер бөлүгүнүн имараты жабыркап, аскер кызматкерлерине жана 1 жаранга ок тийип, денелеринен алган жараатынан улам Баткен биргелешкен ооруканасына жеткирилген.

Ушул сааттарга карата чек арада абал туруктуу. Күч органдары күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат.

Автор Т-медиа 11888 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*