
Бүгүн, 28-январь күнү «Кактус медиа» басылмасынын кеңсесинин алдына өздөрүн жарандык активист, Баткендин тургундары деп атагандар митингге чыгышты. Алар аталган медианы «чек ара боюнча жалган маалымат таратып жатат» деп айыпташты жана анын жабылышын талап кылышты.
«Т-Медиа» митингге чыккан активисттердин буга чейинки ишмердүүлүгүн текшерип көрдү.
Орозбек Асеков
Өзүн «Элдик көзөмөлдүн» өкүлү катары тааныштырган Орозбек Асеков 23-январда Болот Темировдун кармалышы боюнча ИИМ имаратынын алдында өткөн митингге чыккан. Анда ал журналисттерге каршы пикирин билдирген.
Ал «Фейсбуктагы» социалдык тармагындагы баракчасынан түз эфирге чыгып, президент Садыр Жапаровго колдоо көрсөтөрүн белгилеген. Мындан тышкары социалдык тармактардын колдонуучуларын өлкө башчысын сындагандын ордуна, ага иштегенге убакыт берүүнү сунуштаган.
Митингде журналисттердин суроолоруна жооп берип атып, «чек ара чыры баштала электе эле «Кактус медиа» ал тууралуу макала чыгарган» деп билдирди. Асеков басылманын жабылышын жана кечирим суроосун талап кылды.
Буга чейин ал Садыр Жапаровдун тарапташы Бакай Кашкарбаев менен бирге Бишкек шаардык прокуратурасынын алдында нааразылык акцияга да чыгышкан. Алар жумуш учурунда бир да кызматкерди таба алышпаганын айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылышкан.
Калыбек Жапаров
Калыбек Жапаров өзүнүн «Фейсбук» баракчысынан митингден түз эфир алып барган. Ал журналисттерге берген интервьюсунда «россиялык ЖМКлар макалаларында «Кактус Медианын» маалыматына шилтеме берип атат” деп белгиледи жана ЖМКнын өкүлдөрү митингчилерге чыгып, кечирим суроосун талап кылды.
Ачык булактарда Калыбек Жапаров Орусияда 2005-жылдан бери эмгек миграциясында жүргөнү тууралуу маалыматтар бар. Ошондой эле былтыртан бери жумушсуз экени көрсөтүлгөн. Анын социалдык тармактагы баракчасынан өлкө башчысы Садыр Жапаровдун бир нече сүрөттөрүн көрүүгө болот.
Калыбек Жапаров 2021-жылдын 28-ноябрындагы парламенттик шайлоодо «Багыт» партиясынан талапкер болгон.
Ал ошондой эле иликтөөчү журналист Али Токтакуновдун «Бажыдагы миллиондор» аттуу иликтөөсүнөн кийин Nazar News сайтындагы интервьюсунда Матраимовду актаган жана ««Азаттык», «Клооп» жана башка батышчыл мүнөздөгү жарандар ошолор жөнүндө жазса болбойбу?», — деп суроо салган.
Ыргалай Бекмуратова
Ал митингдерге активдүү катышып келет. Буга чейин опузалап акча талап кылууга шектелип кармалган. Активист Лейлек районунун мурдагы акими Бекмурат Баймуратовдун эжеси.
Бекмуратованын атына «МЭЭРЖАЗЫ» коомдук бирикмеси, «Мээржазы Строй» турак-жай курулуш кооперативи катталган.
Жыйынтык: 26-январда «Кактус медианы» «чек ара боюнча жалган маалымат таратып жатат» деп айыптап, жабылышын талап кылгандардын арасында буга чейинки провакациялык митингдерге катышып жүргөндөр жана сөз эркиндигине каршы чыккандар бар.
Оставьте первый комментарий