Талант Мамытов: Жогорку Кеңеш чек арадагы окуяларга тынчсыздануу менен тыкыр көз салууда

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга тыкыр көз салууда.  Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирүү таратты.

«Урматтуу  мекендештер! Жогорку  Кеңеш Баткенде болуп жаткан окуяларга тынчсыздануу менен  тыкыр көз салууда. Чек арада түзүлгөн кырдаалга  байланыштуу  эл өкүлдөрү  жергиликтүү  тургундардын коопсуздугун, мамлекеттин стабилдүүлүгүн сактоо үчүн  бардык аракеттерди көрөт. Өлкөнүн аймактык бүтүндүгү, мамлекетибиздин  туруктуулугу  жана  тынчтыгы  баардыгынан бийик турат. Бул оор күндөрү кастыкты козуткан чагымчылдыктан абайлайлы», — деп айткан ал.

Чек ара кызматы 28-январь, эртең мененки саат 08:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында абалды туруктуу деп мүнөздөп, түнч тынч өткөнүн кабарлады. 

Жеринде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жабык жыйын өткөрүүдө.

27-январдын кечинде кыргыз-тажик чек арасында атышуу башталган. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы «тажик тарап миномет жана гранатомётторду колдонуп жатканын» маалымдаган.

Кагылыш Баткендеги Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы кесилишкен жерде, Төрт-Көчөдө чыкты. Мында Кыргызстандын Баткен — Исфана жолу менен Тажикстандын Ворух анклавына кеткен жол кесилишет. Кыргыз тарап жолду тажик тараптын чек ара кызматкерлери тосуп баштаган деп айыптаса, Тажикстандын бийлиги кыргыз тараптан чагым болду деп жатат. Сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген.

Кыргызстан жана Тажикстандын бийлик өкүлдөрү атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашканы 28-январда саат 04:10до маалымдалды. Чек ара кызматынын маалыматына караганда, Баткен менен Согд облустарынын жетекчилери баштаган расмий делегациялардын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды. Алар:

  • ок атууну токтотуу;
  • эки тараптын чек арага тартылган кошумча күч жана каражаттарын мурдагы жайгашкан жерлерине алып кетүү;
  • Баткен — Исфана автожол каттамын ачуу;
  • чыр-чатактардын күчөп кетпөөсүн алдын-алып чектеш аймактарда Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери биргеликте кайгуул уюштуруу.

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, эки өлкөнүн делегациялары чыр башталган Төрт-Көчө деген жерге барышты. Ал жерде азыр Баткен-Исфана жолу боюнча кыймыл тоскоолдуксуз жүрүп жатканы маалымдалды.

Саламаттык сактоо министрлигинин соңку маалыматы боюнча, кыргыз тараптан 11 адам жараат алды. Алардын абалы орточо оор деп бааланууда.

ИИМ бүгүн аталган окуя боюнча кылмыш ишин козгоду.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*