
Коронавируска каршы ыкчам штаб 29 — январга карата COVID-19 илдетинин 398 жаңы учуру катталганын билдирди. Өткөн суткада 615 бейтап оорудан сакайып, 5 жаран каза болду.
Коронавирус Бишкекте — 227, Ошто — 1, Чүйдө — 115, Ош облусунда — 2, Таласта — 4, Ысык-Көлдө — 24, Жалал-Абадда — 12, Баткенде — 13 кишиден аныкталды. Нарында оору жуктургандар катталган жок.
Ушуну менен 2020-жылдын март айынан бери инфекция жуктургандар 197 835ке жетти. Анын ичинен 186 386 адам ооруну жеңип, 2873 бейтап көз жумду.
Бүгүнкү күндө стационардык дарыланууда 1086, амбулатордук дарыланууда 5974 бейтап бар.
Пикир калтыруу