Баткенде эвакуациялангандардын 9880и үйүнө кайтты

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы абалга байланыштуу коопсуз аймакка эвакуацияланган жарандардын 9 880и жашаган жерлерине кайта баштады. Чек ара кызматынын маалыматында кечээ, түн тынч өткөн. Учурда абал туруктуу.

Баткенде облус боюнча жалпы 11 052 адам эвакуацияланып, алардын ичинен 10 410 адам туугандарынын үйлөрүнө, 642 жаран атайын даярдалган 7 пунктка жайгаштырылган. 

Маалыматка караганда, 28-январда болгон эки тараптын делегацияларынын жолугушуусунун жыйынтыгы менен бүгүн Кыргызстан менен Тажикистандын биргелешкен комиссиясы жумуш алып барат.

Кыргызстан чек арага алып барган кошумча күч жана каражаттарын мурдагы жайгашкан жайына алып кетишти.

Расмий маалымат боюна, кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жалпысынан 12 кыргызстандык жаран жабыркады.

Тажикстандын «Ховар» маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны көз жумуп, 10 адам жараат алганын, анын алтоо аскер, төртөө жайкын тургун экенин жазган.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1465 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*