
Баткен районунда жарандарга юридикалык кеңеш берип, документтерди калыбына келтирүүгө жардам берген мобилдик топ иштеп жатат. Алар Боконбаев жана Ленин атындагы орто мектептерине эвакуацияланган тургундар менен иштешүүдө.
Мобилдик топ, Юстиция министрлигинин Баткен областтык юстиция башкармалыгынын кызматкерлери, мамлекеттик нотариусдар, мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча адвокаттардан турат.
Алар менен укуктук маселелер боюнча төмөнкү номерлер боюнча байланышууга болот:
Баткен облусунун юстиция башкармалыгы: 03622 50060, 50061, 50062, 51000;
Сот: 0 770 483 149;
Адвокат: 0 776 419 156;
Пикир калтыруу