Кара-Сууда 14 жаштагы кызды алып качкандар кармалды

Кара-Суу районунда кыз ала качууга шектелип 4 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. 

 Маалыматка караганда, 26-январында Кара-Суу шаарынын 25 жаштагы тургуну, 14 жаштагы кызды алып качууга аракет жасаган. Ал айылдаш 3 досу менен кызды калаада чайканалардын биринин алдынан унаага салып, Талдык айылына алып жөнөгөн.  Алар ошол эле күнү милиция тарабынан колго түшүрүлдү.

Кармалган жарандар учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 172-беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

 Ошондой эле, кыздын денесинде жарааты бар же жоктугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Учурда  тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. 

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 832 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо