Жалал-Абадда мыйзамсыз курал сактагандар текшерилди

Жалал-Абадда каттоодо турган мергенчилердин ок атуучу куралдары текшерилип, 170 миң сомдук айып салынды. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. 

Жалал-Абад милициясы 12-27-январь күндөрү жарандардын мыйзамсыз сактап жүргөн куралдарына текшерүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Анда жергиликтүүлөр 23 ок атуучу куралдарды өз ыктыяры менен тапшырып берген. Андан тышкары, мыйзамсыз сакталган 2 сайлуу, 2 даана травматикалык жана 20 сайсыз куралдар табылып алынган. 

Ошондой эле, каттоодо турган 2679 мергенчинин куралдарды сактоо эрежелери жана мөөнөттөрү текшерилип, 194 протокол түзүлгөн. Аларга жалпы 171 000 сом айып салынды.

Мыйзам боюнча, табылган же сактап жүргөн ок атуучу куралдарды өз ыктыяры менен тапшырган жарандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. 

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 832 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо