Жапаровдун бийлигине бир жыл
Өткөн жылы 28-ноябрда Садыр Жапаров президент катары ант берип, ишке киришкен. Өлкө башчылык кызматта турганына кечээ толук бир жыл болду. Жапаров бул убакытта кайсы убадаларын аткарганга жетишти? Мамлекет башчынын ийгиликтүү натыйжаларынан баштап, нааразылык жараткан чуулуу мыйзамдарына чейин топтоштурдук.

Бир жыл ичинде президент баш мыйзамды жаңылап, «Кумтөрдү» улутташтыруу, мамлекеттик ишканаларды менчикке сатуу аракеттерин баштады. Айрым эл нааразы болгон, чуулуу мыйзамдарды кабыл алып, коронавирусту дарылоодо дүйнө медицинасы колдобогон кайнатманы колдонууну сунуштаганы менен да талкуу болду.
Бийликке кантип келди?
2020-жылы 4-октябрда парламенттик шайлоого нааразылыктардан улам Ош жана Бишкек шаарында башаламандык башталган. Тополоңдо ошол кездеги президент Соооронбай Жээнбеков кызматын тапшырып, абакта жаткан Садыр Жапаров бошотулган. Эркиндикке чыккан соң Жапаровго коюлган айыптар жокко чыгарылып, ал президенттин милдетин аткаруучу болуп калды. Кийин 10-январда өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өттү. Ага 17 талапкер аттанып, арасынан Жапаров шайлоочулардын 79,20% добушу менен президент болду. Добуш берүүгө шайлоочулардын 39,16% катышкан. Ошентип 28-январда өлкөнүн алтынчы президенти ант берди.

Бирок инаугурация өткөнгө чейин эле, президент талкууга алынып жетишкен. Себеби анын ант берүү аземи пандемия шартында өтүп жаткан алгачкы инаугурация эле. Бийлик ага 10 миллион сом жумшалганы жатканы маалымдалган соң, эл нааразылыгын билдирген. Ошондон улам, президент 21-январда чыгымды болушунча кыскартып инаугурацияны жупуну гана өткөрөрү тууралуу билдирүү жасаган.
Кандай убада берилген?
Жапаров ант берип ишке киришкен соң, алгачкы берген убадасында экономиканы көтөрүп тышта жүргөн мигранттарды алып келээрин билдирген. Ошондой эле, мамлекеттик органдардын натыйжалуугун арттырып, жоопкерчиликти жогорулатуу, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү убадалаган. Президент мамкызматка ар бир кадр сынак менен гана тандалып алынаарын айткан эле.
Өлкө башчы кызматка киришкен соң эң алгачкы аракетин президенттик башкарууга өтүү үчүн баш мыйзамды кайра жазып чыгуудан баштады. Ал шайлоо өткөнгө чейин, президенттин милдетин аткаруучу болуп турганда эле, Конституциянын 80 депутат демилгечи болгон жаңы долбоору жазылган.

Долбоор 17-ноябрда коомдук талкууга чыкты. Баш мыйзам «Ханституция» деп шакабага алынып, алгач колдоо тапкан жок. Парламентте Конституциялык кеңешме түзүлүп, ал кайрадан иштелип чыкты. Эки жарым айдан кийин 9-февралда мыйзамдын акыркы варианты сунушталды.

Баш мыйзамдын жаңы иштелип чыккан долбоорунда президенттин ыйгарым укуктары бир топ кеңейтилген эле. Көпчүлүк алгач нааразы болгонуна карабай Жогорку Кеңештин 90 депутаты 11-мартта референдум өткөрүүгө макулдук берди. Ошентип 11-апрелде референдум болуп, элдин 79,24% добушу менен Кыргызстан жаңы баш мыйзамын кабыл алып, президенттик башкаруу системасына өттү.

Жапаров жаңы Конституцияга 5-майда кол койду.
Мыйзам менен арттырган укуктары
Жаңы Конституция боюнча президент аткаруу бийлигин өзү жетектеп, президенттин администрациясын, Коопсуздук кеңешин түзө ала турган болду. Өзүнүн демилгеси менен референдум жарыялоо, мыйзам чыгаруу укугуна да ээ. Ошондой эле, аким мэрлерди өзү дайындап, кызматтан ала алат.

Жапаровдун 15-июлдагы жарлыгы менен өкмөттүн өкүлдөрүн Президенттин облустардагы өкүлү деген макамга алмаштырылды. Ага ылайык, облустагы өкүлчүлүктөр өкмөткө эмес, президентке баш ийип калды.
Сынга кабылган жаңы өкмөт
Президент мамлекет башчылыкта турган бир жыл ичинде социалдык тармактардагы айрым билдирүүлөрү менен талкууга алынып турду.

3-февралда Конституция өзгөтүлгөнгө чейин президент кол коюп Улукбек Мариповдун жетекчилигинде өкмөттүн жаңы курамы ишке киришти. Анда министрлердин айрымдары өз ордунда калып, кээ бир министрликтер менен мамлекеттик мекемелердин саны 48ден 16га кыскартылган. Бирок саясатчылар жаңы өкмөт так программасы жок келгенин сынга алып, министрликтерге бириктирилген органдарды туура эмес бөлүштүрүлгөнүн айтып чыгышты. Бул окуяга президент Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу жооп берип, сын пикирлердин артында жалган аккаунттар жана ою бузук адамдар турат деп белгилеген.

5-майдан кийин өкмөт Министрлер кабинети болуп кайра түзүлдү. Ага ылайык, Садыр Жапаров өзүнүн жана өкмөттүн мурдагы аппараттарынын негизинде жаңы администрациясын түздү.
Президент сунуштаган жана колдогон чуулуу мыйзамдар
Талаштуу "Салык" кодекси
Кыргызстанда 20-январда талаштуу Салык кодекси ишке кирди. Бул президент колдогон, бирок айрымдардын сынына кабылган мыйзамдардын бири эле. Аны көпчүлүк салык мыйзамдары кеңири талкууланбастан, ишкерлердин пикири эске алынбай иштелип чыккан деп сындады. Мыйзамда Ишкерлер көзөмөл кассалык аппараттарын (ККМ) колдонууга милдеттүү болмок. Ага каршы болгон базар соодагерлери былтыр декбрь айында акцияга чыгышкан.

Бийлик жаңы мыйзамдын жардамында быйыл салыктан 400 миллиард сом каражат жыйноону пландоодо. Ошондой эле, көмүскө экономиканы азайтып, бажы менен салыктан арбын акча жыйналарын белгилеген.
Кумаркана ачууга уруксат берүү
Ага чейин апрелде президент дагы бир чуулуу мыйзамды колдоп чыгып талкууга калган. Жогорку Кеңеш Ысык-Көл облусунун аймагында кумаркана жайларын ачууга уруксат берген мыйзам долбоорун талаш-тартыш менен колдогон болчу. Мыйзам элдин нааразылыгын жаратып, борбор калаада акциялар да өткөн. Кийин Жапаров өзү билдирүү жасап, Кумарканалар Кыргызстан жарандары үчүн ачылбай турганын, чет элдиктер жана туристтер үчүн гана иштей турганын билдирген.
Сөз эркиндигин чектөөбү? Иштебеген мыйзам
Президент өлкө башчылыкта турган мезгилде кабыл алынган чуулу мыйзамдардын дагы бири "Жалган маалыматтан коргоо" мыйзамы. Ал былтыр августта кабыл алынган. Ага чейин долбоор коомдун кызуу талкуусуна түшкөн.

Мыйзамга ылайык, Министрлер кабинети "жалган маалымат" тууралуу жеке адам же уюм арыз жазса аны тараткан интернет сайтты жаап коё алмак. Социалдык түйүндөрдөгү аккаунттарды да өчүртүүгө укуктуу болчу.

Бул мйзамга каршы чыккан жарандык коом өкүлдөрү, журналисттер мыйзам жалган маалымат менен күрөшүүгө эмес, бийликке жакпаган маалыматтар менен күрөшүү үчүн жазылганын белгилешкен эле. Бирок бүгүнкү күнгө чейин талаш-тартыш менен кабыл алынган мыйзамды ким көзөмөлдөп, ким ишке ашыраары белгисиз.

Жогорку Кеңеш январда мыйзамдын тагдырына кызыккан. Анда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тиешелүү мыйзамдык-ченемдик актыларды дагы эле иштеп чыгып жатканын билдирди.
«Кумтөрдү» улутташтыруу аракети
Президенттин көзгө көрүнүктүү аракеттеринин бири «Кумтөрдү» улутташтыруу болду. Былтыр май айында ишкананы башкарган «Центерра Голд» компаниясына кылмыш иши ачылып, кыргыз өкмөтү «Кумтөрдү» өз карамагына алган.

Жыл аягында кумтөрдө 14 миң 561 килограмм алтын өндүрүлгөнү айтылды. Ишкана салык жана милдеттүү төлөмдөргө 13,6 миллиард сом которуп, төлөм 150% көбөйгөн. Алтынды сатуудан түшкөн дүң кирише 856 миллион доллар болгон, анын 621 миллиону ишканага тышкы башкаруу киргизген учурда алынганы айтылды.

Маалымат боюнча, «Кумтөр» алтын кенин иштетүүдөн Кыргызстан 1,5 миллиард доллар, ал эми канадалык «Центерра Голд» компаниясы 11,5 миллиард доллар пайда таап жаткан.

Бирок, Канадалык «Центерра Голд» компаниясы өзүнө коюлган айыпты четке кагып, компания менен сот, эл аралык арбитражда уланууда. Кыргызстан алтын кени толук өлкө карамагына өткөнүн билдиргени менен 3-январда «Центерра» компаниясы ишкананы өткөрүп берүү үчүн негизги талаптарын жарыялады.

Өлкөнүн азыркы бийлиги Кумтөр алтын кени боюнча эл аралык соттук териштирүүдө "Центерра Голд Компани" президенттерди «сатып алганын» далилдөөгө аракет жасай турганын билдирип, буга байланыштуу мурдагы президенттер Аскар Акаевге, Курманбек Бакиевге жана Алмазбек Атамбаевге кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Кийин, 14-декабрда Аскар Акаев 16 жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу келип, "Кумтөр" иши боюнча сурак берген. Ал сурак берүүгө эки жолу келип, элден кечирим сурап, кайра Москвага кайтып кетти.

Президенттин талкууга түшкөн сунуштары
Резиденцияда «уу коргошун» кайнатып...
Апрель айында президент Садыр Жапаров коронавирусту дарылоо үчүн Саламаттыкты сактоо министри менен уу коргошун кайнатып жатканы айтылды. Бул туууралуу президент өзү дарыгерлер коронавирустан «бир же эки күндө айыктырып жибере турган дары» таап алышканын «Фейсбукка» жарыялап, бир нече киши «уу коргошун» деп жазылган бөтөлкөлөргө кайнатманы куюп жатканы тартылган видео жүктөгөн. Бул пост коомчулуктун сынына кабылып, кийин өчүрүлдү.

Көп суроолордон кийин 16-апрелде Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошундун тундурмасы коронавируска чалдыккан бейтаптарга берилип жатканын ырастады. Министрдин бул сөзү медицина тармагындагы эксперттердин жана жарандык коомдун кескин сынына кабылып, парламент «кыргыз медицинасынын кадыр-баркына шек келтирди» деген жүйө менен өкмөткө министрди кызматтан алууну сунуштаган.

Бирок, Алымкадыр Бейшеналиев парламенттин нааразылыгына карабай иштен алынган жок.
«Жашоосу кудайга шүгүрлөр көбүрөөк төлөсүн»

Электр тарифин бөлүштүрүү
Президент Садыр Жапаров апрелде дагы бир сунушу менен талкууга кабылды. Ал электр энергиясында кризистен чыгуу үчүн тарифти үй бүлөлөрдүн жашоо шартына карап бөлүштүрүүнү сунуштаган эле.

Мамлекет башчы турмушу начар үй-бүлөлөргө 74 тыйын кылып, чектөөнү алып салуу, Тоолуу жана жашоо-шарттары оор алыскы райондорго 1 сом 04 тыйындан берип, чектөөнү таптакыр алуу, жашоо-турмушу кудайга шүгүр үй-бүлөлөргө 1 сом 48 тыйындан сатууну сунуштаган.

Бирок коомчулуктун талкуусунан кийин президент тарифти өзгөрүүсүз калтырууну чечти.
Мүлк фондун жоюу аракети
Былтыр майда президент мамлекеттик ишканаларды менчикке өткөрүп баштайбыз деп билдирген. Анын себебин жеке менчик ээси натыйжалуу иштей тургандыгын экономикалык реалдуулук ырастаганы менен түшундүргөн. План боюнча стратегиялык объектилерде кызмат көрсөтүү сервистерин менчиктештирип андан соң мамлекеттик мүлк фонду жоюлушу кажет эле. Жапаров бул жумушту аткарууга бир жыл жетиштүү болорун айткан. Бирок азырынча бул план толук ишке аша элек.
Чечилбеген чек ара
Садыр Жапаровдун бийликке келгендеги алгачкы айларында кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал чыкты. Бул бийликти катуу сынаган учур болчу. Ал жаңжалда эки өлкөдөн 50дөй адам каза болгон. Кийин куралдуу тополоң токтоду.

Азыркы күнгө чейин чек ара маселесин чечүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет. 27-январда кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыкты. Расмий маалыматтар боюнча кыргыз тараптан 15 аскер жараат алды. Чек арада кайрадан сүйлөшүү уланып жатат. Бирок конкреттүү жыйынтык чыга элек.
Акчага алмаштырылган жаза
«Кустуруу операциясы»
Садыр Жапаров бийликке келгенде коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү убадалаган. Мындан улам, Жээнбеков жоюп кеткен, антикоррупциялык кызматты кайра калыбына келтирген. Ал сегиз айдан ашуун иштеп, былтыр июлда биротоло жоюлду.

Президент УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен бирге Матраимовду кармап, кылмышы болсо жоопко тартууну убадалады. Кийин бийлик, «Коррупцияга» шектелгендерди мамлекетке келтирген зыянын төлөтүп, кайра бошотуу жолуна өттү.

Президент жыл жыйынтыгын чыгарган маалыматында, мындай жол менен казынага 7,5 млрд. сом кайтарылганын жарыялаган.

Мамлектке келтирген зыянын төлөп бергендер:
Райымбек Матраимов
Матраимовду УКМК эки жолу кармап, эки жолу кайра бошотту. Ал мамлекетке келтирген зыянын төлөөгө макул болуп, алгач 2 млрд. сом кийин 260 миң сом төктү.
Бажычылар
Матраимов менен бажы кызматкерлери Нурбек Айтмаматов Нурлан Ражабалиев, Абдыбахап Боронбаевдер «Мыйзамсыз баюу», «Коррупция» беренеси менен айыпталышты. Кийин Айтмаматов 74 миллион сом, Ражабалиев 6 миллион, ал эми Боронбаев 8 миллион сомду депозиттик эсепке төгүп, тергөөдөн кутулушту.
Каржы полициясынын мурдагы жетекчилери
Каржы полициясынын мурдагы төрагасы Бакир Таиров, орун басары Эмил Жамгырчиев «коррупцияга» жана пара алууга шектелип кармалган. Ноябрда алар 20 млн. сомдон төгүп, үй камагына чыкты.
Кубанычбек Жумалиев
Февралда экс-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев мыйзамсыз байыган, Эл аралык медицина университетине лицензия берүүдө жемкордук схеманы уюштурган деген айып менен кармалган. Эки ай абакта отуруп, 1 млрд. сом төлөп абактан чыкты.
Бишкектин экс-мэри
Бишкек шаарынын экс-мэри Азиз Суракматов да «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен кармалган эле. Бир айга жетпей 170 млн. сом төлөө шарты менен кайра чыкты.
Жогорку соттун судьялары
Мыйзамсыз баюуга айыпталгандарын арасында Жогорку соттун судьялары Камил Осмоналиев менен Дильфуза Боронбаева да бар. Алар былтыр декабрда кармалып, атайын эсепке 114 млн. сом төгүп үч айдан кийин бошотулду.
Кримтөбөлдүн бошотулушу
Кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырганы үчүн кримтөбөл Камчы Көлбаев да кармалган. Ал атайын эсепк 250 млн. сом төгүү шарты менен бошотулду.
Ишкерлер
Оштогу белгилүү ишкерлердин бири Жалил Атамбаев, «Бакай Банктын» жетекчиси Сергей Ибрагимов да 100 миллиондон төгүштү.
Тышкы саясат
Садыр Жапаров президенттик кызматка киришип жатканда көп багыттуу тышкы саясат жүргүзүүнү убада кылган. Ал бир жыл ичинде Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия өлкөлөрүнө барып келди.

Ноябрда президент Глазгодогу климат саммитине катышты. Анда Жапаровго бир нече батыш лидерлери менен таанышууга мүмкүндүк болду.

Бул жыйында Жапаровдун демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюму 2022-жылды - «Эл аралык тоолор жылы» деп жарыялады.

Ысык-Көлгө «Асман»
шаарын куруу
Кыргызстанда былтыр июль айында Ысык-Көлдүн боюна «Асман» деген экологиялык шаар куруу планы жарыяланды. Президенттин кеңешчиси бул өлкөнүн туристтик жана инвестициялык кудуретин көтөрүүнү көздөгөн долбоор экенин, аны ишке ашыруу аракети 12 жылдан бери көрүлүп келгенин айткан. Анда Ысык-Көлдө акылдуу шаар курулуп, шаарда жалаң электромобилдер менен жүрүүгө боло турган болоору айтылган. Айрым адистер мындай жол менен көлдүн экологиясы бузулат деп билдирип чыгышты.

Ал эми, «Асман экологиялык таза шаарын» куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси болуп коррупцияга шектелген «Элит Хаус» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев дайындалган. Ал 2020-жылы Бишкек шаарында жер тилкелерин алууга жана мыйзамсыз курулуштарга катыштыгы бар деп шектелген.

Долбоор боюнча шаар Балыкчыга 15 чакырым жакын жерде, Тору-Айгыр айлынын өйдө жагына курулат. Расмий маалыматка караганда, шаарды курууга болжол менен 20 миллиард доллар кетет. Бирок Кыргызстандын мындай шаар курууга экономикасы туруштук береби? Кайдан инвестиция тартып, кайсы акчага курулат деген суроолор бүдөмүк бойдон турууда.
Саясий куугунтукпу?
Садыр Жапаров бийликке келгенден бери, өлкөдө саясий куугунтук болбой турганын айтып келет. Бирок, 2020-жылдын октябрь айынан бери Кыргызстанда бир нече саясатчыларды жапырт камакка алуу болду.

Май айында Жапаровдун саясатын кескин сындап келген саясатчы Жеңиш Молдокматов камакка алынды. Ага 2020-жылы октябрь окуяларында «башаламандык уюштурган» деген айыптар коюлган. Молдокматов муну саясий куугунтук катары эсептеп келет.

Кийин 10-январдагы президенттик шайлоого катышкан Равшан Жээнбеков
«Кой-Таш окуясы» боюнча экинчи жолу камалды. Декабрда ал жаңы Жазык-процессуалдык кодексине ылайык бошотулган. Жээнбеков камакка алынышын саясий ишмердиги менен байланыштырып келет.

Ошол эле, президенттик шайлоого катышкан дагы үч саясатчы Абдил Сегизбаев, Курсан Асанов, Бактыбек Калмаматовтор тергелип, үй камагына чыгарылган.

Кийин, 20-августта «Ханституцияга каршы» кыймылынын мүчөсү, активист Тилекмат Кудайберген уулу «бийликти басып алууга чакырык», «добуш сатып алуу» беренелери менен күнөөлүү деп табылып, бир жарым жылга абакка кесилди.
Кыргыз тарыхында биринчи жолу аралаш система менен шайлоо өттү
Кыргызстанда 28-ноябрда өлкө тарыхында биринчи жолу аралаш система менен парламенттик шайлоо өттү. Бул президент Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин жасаган өзгөчөлүктөрүнүн бири болду. Мамлекет башчынын 120 депутатты 90го кыскартуу демилгеси колдоого алынган. Президентти жана депутаттарды шайлоо тууралуу мыйзамды кабыл алууда бир топ тала-тартыш болуп, айрымдар ал кабыл алынса акчалуулар гана бийликке келет деп сындады. Ошентсе да мыйзам кабыл алынды. Октябрда 3%га түшүрүлгөн шайлоо босогосу жаңы мыйзамда 5%га көтөрүлдү. 90 депутаттын 36сы бир мандаттуу округдан, 54ү партиялык система менен шайланып келди. Шайлоо аяктаган соң, БШК сайтында мүчүлүштүк болуп, өнөктүктүн жыйынтыгына нааразы болгондор чыкты. Бирок президент бул жолу шайлоо таза өткөнүн жарыялады.
Парламентти таарынткан кадр саясаты
Садыр Жапаров бийликке келгенде мамкызматка ар бир кызматкерди конкурс аркылуу тандап алаарын айткан. 25-январда президенттин парламенттин колдобогонуна карабай Украинага элчи шайлаганы депутаттардын нааразылыгын жаратты. Эл өкүлдөрү бул аракет Жогорку Кеңештин аброюн түшүргөнүн билдирген.

Жаңы мыйзам боюнча президенттин аким, мэр, министрлерди дайындоодон тышкары элчилерди да өз алдынча кызматка коюуга укуктуу болчу.

Мындан улам, парламенттин тармактык комитети Кыргызстандын Украинадагы элчиси кызматына Идрис Кадыркуловдун талапкерлигин колдобогонуна карабай, эртеси президент Садыр Жапаров аны өз жарлыгы менен кызматка дайындаган. Айрым серепчилер бул Жапаровдун кадрларды конкурс менен гана тандайм деген убадасына каршы келгенин билдиришти.

Жапаров президент болгон бир жыл ичинде министрлер кабинети үч ирет алмашты. Буга чейин Factcheck.kg басылмасы иликтеп жыл ичинде дем алыш жана майрам күндөрдү эске албаганда, ар бир күнү эки адам жаңы кызматка дайындалганын чыгарган.

Эң көп дайындоо май айына туш болгон. Дал ушул айда жаңы министрлер кабинети түзүлүп, президенттин аппараты алмашкан. Мындан тышкары, алгачкы жолу акимдердин эң ири ротациясы болгон. Жапаров акимдердин ротациясы коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо үчүн жасалганын айткан.

Ошондой эле, жакында эле, санарип өнүктүрүү министрлигине мурда бул кызматта иштеп көрбөгөн Талант Имановдун талапкерлиги жактырылды. Өлкөдө апрелге чейин бардык мекемелер документке электрондук кол коюуну, мамлекеттик каттоо, салык кызматтары электрондук документ кабыл алуу жана толтурууну башташы керек. Бул тапшырманы аткаруу IT тармакка тиешеси жок адамга жүктөлгөңү коомулукта талаш-талкуу жараткан.

Жапаров спортто
Туризимди жарнамалоо
Январда президент "Каракол" базасында лыжа тээп, Кыргызстандагы кышкы туризмди жарнамалаганы менен оозго алынды. Соцтармакта анын эс алуу учурунда тарткан жарнамалык ролиги Анкарада көрсөтүлүп жатканы тууралуу видеолор да тараган.

Ошондой эле, декабрда президент администрациясы менен бир командада футбол ойнопэсте калды.
Бир жылдык ишинде мамлекет башчы айрым кызматтардын айлык маянасын жогорулатып, жөлөк пул жана пенсияны көтөрө алды. 19-январда быйылкы жылга бюжетти бекитип, кирешени көтөрүү планын койгон. Алдыда жаңы «Салык» кодексин ишке киргизип экономиканы көтөрүүнү тапшырмасы турат.

Төмөндө президенттин аракеттери саясатчы, юрист, экономисттердин сынында кандай бааланарын билип көргөнбүз.
https://t-media.kg/
Автор: Наргиза Анарбай кызы