
Саламаттыкты сактоо министрлиги 31-январдын таңына карата бир күндөгү коронавирус жана пневмония боюнча статистиканы жарыялады.
Акыркы суткада коронавирус илдетин 205 киши жуктуруп алды. 596 адам айыгып, 4 бейтап көз жумду.
Жаңы учурлардын аймактар боюнча саны:
Бишкек — 123;
Ош – 2;
Чүй облусу – 26;
Ош облусу – 3;
Талас облусу – 3;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 23;
Жалал-Абад облусу – 10;
Баткен облусу – 13.
Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 198316га жетти. Анын ичинен айыгып чыккандар 187 596. Курмандыктар 2880.
Учурда ооруканада 1080, үй шартында 5238 бейтап дарыланууда.
Оставьте первый комментарий