Баткен: чек ара жаңжалында убактылуу жабылган мектептерде окуу кайра калыбына келди

Сүрөт: Баткен милициясы

Ак-Татыр, Самаркандек, Көк-Таш, Ак-Сай, Орто-Боз, Паскы-Арык жана Таш-Тумшук айылдарында соңку чек ара жаңжалынан улам убактылуу жабылган мектептерде окуу кайра башталды. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалыматка караганда, бала бакчалар да кадимки тартипте иштеп жатат. 

«Окуучулардын коопсуздугун балдар менен иштеген инспекторлор көзөмөлгө алып, жеринде күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Аталган аймактарда коомдук тартипти камсыздоо, чагымчыл аракеттерге жол бербөө максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө», деп айтылат маалыматта.

27-январдын кечинде кыргыз-тажик чек арасында атышуу башталган. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы «тажик тарап миномет жана гранатомётторду колдонуп жатканын» маалымдаган.

Кагылыш Баткендеги Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы кесилишкен жерде, Төрт-Көчөдө чыкты. Мында Кыргызстандын Баткен — Исфана жолу менен Тажикстандын Ворух анклавына кеткен жол кесилишет. Кыргыз тарап жолду тажик тараптын чек ара кызматкерлери тосуп баштаган деп айыптаса, Тажикстандын бийлиги кыргыз тараптан чагым болду деп жатат. Сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жалпысынан 12 кыргызстандык жаран жабыркаган.  Тажикстандын «Ховар» маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны мерт болуп, дагы 10 адам жараат алганын жазган.

Автор Т-медиа 12140 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*