Баткен: кыргыз-тажик чек арасында орун алган жаңжалдын чыгымы үч миллион сомдү түздү

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку атышуунун материалдык чыгымы алдын ала үч миллион сом деп эсептелди. Бул тууралуу «Т-Медиага» Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев билдирди. Анын айтымында, жаңжалда эки сарай өрттөлүп, бир нече үй жана эки автоунаа талкаланган. Бодо мал уурдалган, өрттөнүп кеткен фактылар катталды.

Ушул тушта жаңжалдан улам коопсуз жайга көчүрүлгөн тургундардын басымдуу бөлүгү үйлөрүнө кайтты. Кабарчыбыздын маалымдашынча, Таш-Тумшук айылынын айрым тургундары менен Көк-Ташта жашагандар толугу менен көчүп келе элек. Балалуу келиндер, аялдар коңшу айылдардагы тууган-туушканынын үйлөрүндө баш калкалап жатат. Эвакуациялангандардын арасында ооруп, бейтапканаларга жеткирилгендер да бар.

27-январдын кечинде кыргыз-тажик чек арасында атышуу башталган. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы «тажик тарап миномет жана гранатомётторду колдонуп жатканын» маалымдаган.

Кагылыш Баткендеги Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы кесилишкен жерде, Төрт-Көчөдө чыкты. Мында Кыргызстандын Баткен — Исфана жолу менен Тажикстандын Ворух анклавына кеткен жол кесилишет. Кыргыз тарап жолду тажик тараптын чек ара кызматкерлери тосуп баштаган деп айыптаса, Тажикстандын бийлиги кыргыз тараптан чагым болду деп жатат. Сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жалпысынан 12 кыргызстандык жаран жабыркаган.  Тажикстандын «Ховар» маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны мерт болуп, дагы 10 адам жараат алганын жазган.

Автор Т-медиа 12131 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*