Өмүрдү алган өрт кырсыктары
Тилсиз жоодон кантип сактанабыз?
Тилсиз жоодон кантип сактанабыз?
Үстүбүздөгү жылдын 25 күнүндө эле өлкөдө 190 өрт кырсыгы катталып, бир жаран каза тапты. Адистердин айтымдарында, тилсиз жоо көп учурда электр жабдууларын туура эмес пайдалануудан келип чыгат. Өрттү алдын алуу жана өчүрүү боюнча Эл аралык техникалык комитеттин (CTIF) маалыматында, Кыргызстан өрттөн каза болгондор боюнча 55 өлкөнүн ичинде 13-орунга көтөрүлдү.
Ноокаттагы төрт өмүрдү алган кырсык
2021-жылдын 27-декабрында, Ош облусунун Ноокат райондагы Көк-Жар айылында турак үйдөн өрт чыгып, төрт адам каза болгон. Кырсык эрте менен чыгып, саат 06:50 чамасында Өзгөчө кырдаалдар министирлигине билдирүү түшкөн. Эки өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, тилсиз жоо саат 11:32де өчүрүлгөн. Турак-жай толугу менен күйүп кеткен.
"Таңкы саат 06:00 чамасында Көк-Жар айылынын 66 жаштагы тургуну үйүндө мешке от жагып, кайра уктап калат. Килемге түшкөн от тутанып, өрт чыккан. Ошол күнү үйүндө эки кызы, эки небереси болгон. Тилсиз жоодон өзү, 40 жаштагы кызы, 12 жана э жаштагы неберелери каза болду. Бир кызын куткарып калдык",- дейт Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Сатар Миңбаев.
Каргашалуу окуяны кызы, неберелери менен каза болгон тургундун кайниси Абдуганы Жарматов мынтип эскерди.
Абдуганы Жарматов
Ноокат районунун тургуну
Окуянын кандай болгонун биз билбей калдык. Өрт болгон күнү мен Ошто элем. Дароо эле айылга жетип барсам, өрттү өчүрүп бүтүшүптүр. Аман калган карындашымдын айтуусу боюнча, жеңем даарат алганы сыртка чыккан экен. Артынан эле кызы чыгыптыр. Үй өрттөнүп жатканын көргөн жеңем неберелерин куткарганы кайра үйгө кирип кетип, чыкпай калышты. Төрт жакыныбызды бир күндө жоготуп алдык. Аман калгынынын чачы, буту күйгөн.
Курулуш жүргүзөөрдөн мурда өрт коопсуздугун эске алуу зарыл
2020-жылы Ноокатта 70 өрт кырсыгы катталса, былтыр 27-декабрга чейин 45 кырсык катталган. Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн бөлүм башчысы Айбек Аккуловдун айтымында, тилсиз жоо көпчүлүк урчурда жашоочулар үйлөрүнө өз алдынча электр чубалгыларын туура эмес тартып алгандан келип чыккан. Ошондой эле, эл өрт коопсуздугун эске албай үй куруп алышат дейт.
Айбек Аккулов
Ноокат райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн бөлүм башчысы
Жарандар турак үйлөрдү атайын архитектуралык долбоордун негизинде салышпайт. Мисалы, үйдүн пайдубалын тургузулгандан кийин анын үстүнө цемент курулушу шарт. Айылда жыгач полдор менен жаап эле үстүнө мешти коюшат. Ноокаттагы өрттөн каза болгон төрт жарандын сөөгүн жер төлөөдөн алып чыкканбыз. Үй салганда өрт коопсуздугун эске алып, кошумча чыгып кетүүчү эшиктер каралбайт. Жарандар адистен кеңеш алып турак үй салса, жакшы болот эле. Азыр жер-жерлерге барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.
Үч бир туугандын өлүмү...
Ноокаттагы кырсыктан эки күн өтпөй Ысык-Көлдө да турак үйдө өрт чыгып, үч бир тууган каза болгон. Алар бир үй-бүлөнүн 3-6 жаштагы кыздары жана 5 жаштагы уулу. Балдардын ата-энесин коңшулары куткарып калган. Алдын ала маалыматка караганда, өрт үй ээлеринин кызуу абалда тамекини этиятсыз колдонгонунан келип чыккан.
Ушул жылдын 25-январына чейин Ош облусунда 37, Ош шаарында 10 өрт кырсыгы катталган. 2021-жылы өрт мурдагы жылга салыштырмалуу 10,7%га көп болгон. Былтыркы кырсыктардын материалдык чыгымы 905 млн 259 миң 144 сомду түзгөн.
Өрттү кантип алдын алуу керек?
Ишканадагы же үйдөгү өрт коопсуздугун сактоо талаптарынын аткарылышы ар бири адамдын өмүрүн, мекемедеги мүлктү сактап калат. Жөнөкөй сактык чаралары өзгөчө кырдаалдын ыктымалдыгын азайтат.
Сизди өрттөн сактап кала турган негизги эрежелер:
1
өрт өчүргүчтөр жакшы абалда жана жеткиликтүү жерлерде болушу керек;
2
жылына бир ирет кызматкерлердин ден соолук жана коопсуздук боюнча билимдерин текшерип туруу зарыл;
3
электр тармактарындагы көйгөйлөр бир жумушчу күндүн ичинде чечилиши керек;
4
заводдон тастыкталган жабдууларды гана колдонуңуз;
5
желдетүү жана жылытуу системаларын жарым жылда бир жолу тазалап, текшерип туруңуз;
6
бузулган электр жабдууларын колдонбоңуз;
7
дароо күйүүчү буюм, материалды үйдүн чатырында сактабаңыз;
8
балдарды электр шаймандары иштеп жаткан жерде кароосуз калтырбаңыз;
9
сыртка чыгаарда күйүп турган электр жабдууларын, газ плиталарды өчүрүңүз;
10
электр жылыткычтарды тез күйө турган буюмга жакын орнотпоңуз;
11
тамекинин калдыгын, ширеңкени ар жерге ыргытпаңыз.

Өрттү өчүргөнгө караганда, аны алдын алган оңой
Ар бир ишкананын жетекчилиги мекемеге жооптуу болуп саналат. Имаратка жана татаал техникалык жабдуулар үчүн милдеттүү адамдарды дайындагыны оң.
Өрт коопсуздугу үчүн жооптуу кызматкер төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- тамеки тартуучу жайды даярдоого;
- өрт сигналынын иштеп жатканын текшерүүгө;
- өрт өчүрүүчү каражаттарды ыңгайлуу жерге коюуга;
- эвакуация пландарын жайгаштырууга;
- кызматкерлердин өзгөчө кырдаалдар боюнча билим алуусуна шарт түзүүгө;
- техникалык жабдуулар бузулганда өз убагында чара көрүүгө.
Турак үйлөрдө өрт көп катталууда
2021-жылы Ош шаарында 98 өрт кырсыгы катталса, 54ү жеке турак жайларда болгон. Кышында электр жылыткычтарды, мештерди туура эмес пайдалангандар көп болот. Адистер электр чубалгыларын сатып аларда сапаттуусун алууга чакырат. Сатуучулар да кандай затты сатып жатканын толук билиши керек. Ошто өрттү алдын алуу боюнча жыл башынан бери 220 медицина кызматкерлери окутулган.
Шайырбек Туйбасов ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын өрт өчүрүү, алдын алуу жана авариялык куткаруу иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Азыр медицина кызматкерлерин жерине барып өрттү алдын алуу, өрт чыкса биринчи эмне кылуу керектигин үйрөтүп, окутуп жатабыз. Түшүндүрүү иш-чаралары соцтармактарда түз эфирде көрсөтүлүп, байма-бай макала же материалдарды жарыяланууда. Ошто турак жайлардан өрт көп чыгып жатат. Эреже боюнча мештин морунун 40-50 см айланасы бош болуш керек. Бул шарт сакталбагандыктан өрттүн чыгып кетүү коркунучу жогору болууда. Шаар кыдырып үй, көчө башчылары менен сүйлөшүп окутууларды өткөрүү боюнча пландап жатабыз. |
Эми мекемелерде өрт коопсуздугу сакталганы текшерилет
Өлкөдө өткөн жылы жалпы 700 миң адамга өрттү алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Алардын курамына мекеме-ишканаларда, соода борборлордо иштегендер жана карапайым эл кирет. 2021-жылы мурдагы жылга салыштырмалуу 15%га түшүндүрүү иштери көп жүргүзүлгөн. Соцтармактарда өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча байма-бай материалдар жарыяланган.
“
Кыргызстанда өрт негизинен кышкысын турак жайларда, ал эми жайкысын ишканаларда көп чыгат. Биз окутууларды тынымсыз өткөрүп жатабыз. Жарандар электр шаймандарын туура эмес пайдаланышат. Биздин кызматка 2021- жылы экологиялык техникалык коопсуздук инспекциясынан өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча инспекция кошулду. Учурда укуктук ченемдик актыларын тууралап жатышат. 2022-жылдан баштап электр жабдуулардын иштешин, өрт коопсуздугу боюнча кандай шарттар түзүлгөнүн текшерип баштайбыз.
"Мекеменин коопсуздугу үчүн өрт өчүрүүчүлөрдү чакырып сабак алабыз"
Оштогу "Галерея-Ош" ЖЧКсы акыркы 7 жылдан бери өрт коопсуздугун алдын алуу максатында кызматкерлерине атайын окутууларды уюштуруп берет. Мекемеде 150дөн ашык кызматкер эмгектенет. Жыл сайын 1 же 2 ирет өрттү алдын алуу боюнча сабактар болот.
Биздин ишкана үйлөрдү жасалгалоого керектелүүчү буюмдарды сатат. Товарларды чет мамлекеттен алып келебиз. Ошондуктан ишкананын коопсуздугу өтө маанилүү. Өзгөчө кырдаалдар министирлиги менен тыгыз иштешип, кызматкерлерге тренинг, практика жүзүндө өрттү өчүрүүнү үйрөтөбүз. Ошондой эле өрт коопсуздугун алдын алуучу тасмаларды даярдайбыз.
Адистер түнү электр жабдууларын өчүүрүнү сунуштайт. Анткени көпчүлүк эл электр энергиясын өчүргөндө башка иштеп тургандарга таасир этип, өрт чыгып кетиши мүмкүн.
Тилсиз жоо катталган учурда алгач 101 кызматына байланышып, так даректи айтыңыз. Өрт болуп жаткан мекемеден дароо чыгып кетүүгө аракет кылыңыз.
Тилсиз жоо катталган учурда алгач 101 кызматына байланышып, так даректи айтыңыз. Өрт болуп жаткан мекемеден дароо чыгып кетүүгө аракет кылыңыз.

Автор
Зыягүл Болот кызы
Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюмунун каржылоосу менен Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.