Ошто соттун аппарат кызматкерлери маяна аздыгын айтып чыгышты

Бүгүн, 31-январда Ош облустук сотунун имаратынын алдында соттун аппарат кызматкерлери нааразылык акциясына чогулушту. Алар айлык маянасы аз экендигине даттанып чыгышкан. 

Айтымдарында аппарат кызматкерлери 10-12 миңдин тегерегинде маяна алат.

“Кечээ соттордун маянасы көтөрүлгөнү жөнүндө маалымат чыгып, талкуу болду. Бирок аппарат кызматкерлеринин майнасы аз. Биз да бала бакчага балдарыбызды беребиз, башка көйгөйлөрүбүз бар. Орточо 10-12 миң сом алышат. Аппарат кызматкерлеринин эң жогорку маянасы 14 миңдин тегерегинде. Ошондуктан бүгүн эртең менен акция уюштууру үчүн чыгышкан» — деди Ош облустук сотунун маалымат катчысы Айпери Турат кызы.

Маалыматка караганда, өткөн жылы июль айында судьялардын маянасы көтөрүлүп эң жогору 30дан 60 миң сомго чейин алган. Ал эми соттун жардамчылары 12 миң сомго чейин, адис кызматкерлери 6-7 миң сомго чейин эмгек акы алышат.

Буга чейин 30-январда Каржы министрлиги президенттин жарлыктарынын аткарылышы, анын ичинде айлык акыны жогорулатуу боюнча маалымат берип, судьялардын орточо айлык акысы 81 миң сомдон 160 миң сомго чейин жогорулатылганы айтылган. Бүгүн Жогорку сот аталган маалыматты төгүндөп, судьялардын айлыгы инстанцияларга жараша 40 миң сомдон 51 миң сомго чейин көтөрүлүп жатканын билдирген.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1440 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*