Иликтөө: Сулайман-Тоодогу эсепсиз миллиондор, дайыны чыкпаган мумия

Дайыны чыкпаган мумия, негизсиз иштетилген миллиондор, куураган тоо, мыйзамсыз кыйылган дарактар. Ош шаарынын брендине айланган Сулайман-Тоо  музейи кандай сырларды жашырып жатат? Бүгүнкү иликтөөбүздө биз ушул суроолорго жооп алабыз.

Сулайман Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексиндеги экспонаттар 1950-60-жылдары Баткендин Кара-Булак айылындагы көрүстөндү казууда табылган. Ленинградда окуу жайды бүтүп кийин Ош музейинде археолог болуп иштеп калган Юрий Баруздин атайын эскпедицияны жетектеп, Кара-Булактагы эски мүрзөнү казганда жүздөгөн экспонаттар табылган. Изилдөөчүлөр аны биздин замандын 4-5-кылымдарына гүлдөп өнүккөн Гун империясына таандык дешкен. Ондогон карапа буюмдар, арча табыптар ошол жылдан бери ордунан жылбаганы менен, мурдараак көргөзмөдө турган мумиядан азыр дайын жок. Ал эмне болгон мумия эле?

«Арча үкөктө жаткан кыздын кебетеси бар мумия эле. Кийин эле ар кандай шылтоо менен жок кылышты» деп айтып отурган Өскөн Каримов 1985-жылдары Сулайман-Тоо музей комплексинде директор болуп турган.

Тоонун боорун казып ресторан курабыз деген ошол кездеги бийликтин чечимине каршы чыгып, ал жерди музейге айландырып, массалык түрдө жашылдандыруу иши да ушул кишинин жетекчилик убагына туура келет. Мумиянын тоо борунда көргөзмөдө турганы аксакалдын күнү бүгүнкүдөй эсинде.

Өскөн Каримов — Сулайман-Тоо музейинин мурдагы директору

«Менден мурун иштеген аксакалдын убагында келген экен (ред-мумия). Биздин маалда археологиялык материалдардын баары Ленинграддан археологиялык окуу жайды бүтүп келген Дружинна деген аялдын жоопкерчилигинде турган. Оштогу облустук музейде мумия болгон, бул чындык. Эл көп келген учурда капкагын ачып койчук. Абалы жакшы эле, катырылган, өңү-башы билинип турчу», -дейт Каримов.

Деген менен мекеменин азыркы директору да, илимий кызматкерлери да андай мумия тууралуу эч бир кагазда, эч кандай маалымат жок экенин айтып тим болушууда.

Хайрулла Ибайдуллаев — Сулайман-Тоо музейинин директорунун орун басары

«Биз ошол мумия боюнча изилдөө жүргүзгөнбүз. Экспонанттарды кабыл алуу китептеринде, мурда иштеп кеткендер менен сүйлөшүп, мумия келип катталып, кабыл алуу китептерине кол коюлду деген документтерди тапкан жокпуз. Уурдалып кеттиби же жоголуп кеттиби деген так маалымат жок. Бирок ошонун тегерегинде ушак сөздөр көп», -деди Сулайман-Тоо музейинин директорунун орун басары Хайрулла Ибайдуллаев.

Ал эми музейдин жетекчиси Султан Абдырахманов «Кайсыл учурда, кайсы мезгилден бери жок болгон болсо, аны биз деле тарыхты такташ үчүн айтып коюшубуз керек. Мындан кимдир бирөөнү кылмыш жоопкерчилигине тартыш үчүн эмес,  абийир, тарых алдындагы жоопкерчилик деген бар» дейт.

Жетекчилик тарых үчүн ачыктасак жакшы болот эле деп тызылдап, бирок эч эле маалымат булактарын таба албаганы менен биз таптык. Өзүн ачыктоону каалабаган музейдин мурунку кызматкерлеринин бири мындай маалыматтар менен бөлүштү.

«Кара-Булак көрүстөнүнөн табылган 4 мумиянын бирин Москвага, экинчисин Ленинградга, үчүнчүсүн Бишкекке алып кетишкен экен. Эң жакшы сакталганы Оштун музейине калтырылган. Көргөзмөдө турчу. Ал кезде мумиянын абалы аябай жакшы эле. Аны кайра жерге көмүү же керектен чыгаруу тууралуу эч кандай сөз жок болчу», — дейт ал.

Улуттук илимдер академиясынын археология бөлүмүнүн башчысы Кадича Ташбаева да Кара-Булак мурзөсүн казууда бир эмес, бир канча мумия табылганы тууралуу маалыматтар бар экенин тастыктайт.

Кадича Ташбаева — Улуттук илимдер академиясынын археология бөлүмүнүн башчысы

«Тилекке каршы, бизде отчеттору жок. Негизи жазылып, Ош шаарындагы музейде сакталып турушу керек эле. Бизде ал материалдар жок болуп чыкты. Бирок бирге иштешкен адамдарда бир топ эле көрүстөндөрдө мумия болушу мүмкүн эле деген маалымат бар да. Себеби кээ бир мумиялар жарабай калган учур да бар экен. Ал эми эң жакшы сакталгандарды музейге алып келип койгон экен». 

1998-99-жылдары Оштун 3000 жылдыгына карата Оштогу музейде жаңы экспозиция түзүү үчүн Бишкектен атайын адистердин тобу келген. Дал ошол адистер мумиянын дарегин сураганда, музей жетекчилиги анын абалы начар болуп кеткендиктен, экспонаттардын катарынан чыгарылганын билдиришкен.

«Биз 1999-жылдары Сулайман-Тоо музейине жаңы экспозиция түзүү үчүн барганыбызда, таң калыштуу бир окуя болгон. Мумия каякта деп сураганыбызда, абалы начар болуп кеткендиктен көмүп койдук деп жооп беришкен», -деп билдирди жеке булак.

Өзүн ачыктагысы келбеген музейдин дагы бир мурдагы кызматкери мумиянын чындап эле болгонун жана аны көмүү аракети жүргөнүн тастыктады.

«Мумия биринчи көргөзмөдө турган, кийин аны фондго алып кирип коюшкан. Ошол кезде музейдин директору Тагаев эле. Ал: «мен жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүп жатам, мумияны мындай кармаса болбойт экен, Сулайман-Тоонун бооруна көмөбүз», деп жаткан. Бир күнү 3-4 бала келди. Аларды мумияны көмүшөт экен деп айтып калышты. Ошол боюнча мумия эмне болгонун билбейм. Тоонун бооруна көмүштү окшойт», -деди ал.

Биз бул маалыматты текшерип көрдүк. Чындыгында эле 1995-1999-жылдары Сулайман-Тоо музей комплексин Муктар Тагаев аттуу жаран башкарып турган. Ош шаарында болсо 1996-98-жылдары Жолдошбек Раимбеков жетектесе, 1998-99-жылдары Абдужапар Тагаев мэр болуп турган. Демек Муктар Тагаев дал ушул кишилер менен сүйлөшүүсү мүмкүн эле. Тагаевдердин туугандык жагы бар же жоктугун аныктай алганыбыз жок. Мүмкүн алар бир фамилиядагы адамдар болушу да ыктымал. Эмнеси болсо да, мумия уурдалбай, расмий жерге көмүлсө, анда жок дегенде алакандай акт же протокол болуш керек эле.

Сулайман-Тоо музейиндеги экспонаттар

Дал ошол Баткендин Кара-Булагында табылган дагы бир мумия борбордогу Улуттук музейде 60 жыл туруп, анан 2017-жылы 14-октябрда кайра жерге көмүлгөн. Дал ошол мумиянын шашылыш көмүлүшүн, айрымдар ага чейин улуттук музейде болгон өрт жана анда мумия баштаган бир топ эскпонаттардын күйүп кетиши себеп дешсе, айрымдары көз ачыктардын эскертүүсүнө шылтап жүрүшөт. Мумия көмүлгөндөн кийин ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков 2017-жылы 19-октябрдагы парламенттин жыйынында ал маданият министри болуп турганда чет элдиктер мумияны сатып алуу үчүн 500 млн доллар сунуштаганын айтып, мумиянын чын эле көмүлгөнүнө шектенген жайы бар. Кыскасы мумиянын атайын комиссиянын чечиминин негизинде акт менен көмүлгөнүнө карабастан ошол кездеги Маданият министри Түгөлбай Казаков да ушул чырдан кийин жумуштан кеткен.

«Мусулманча табытка салып, үстүн жаап, беш-алтоо зорго көтөрүп барып мүрзөгө салышты. 2000 жыл сакталып турган мумия жеңил эле болот да. Ошон үчүн ошол табыттын ичин жашыра турган материалдар менен толтурган. Ошол мезгилдеги өкмөт, музей жетекчилиги тарабынан жасалган чоң кылмыш болгон», -дейт Улуттук илимдер академиясынын археология бөлүмүнүн башчысы Кадича Ташбаева.

Бишкектеги мумия көмүлдү делгени менен анын чындап эле көмүлгөнүнө дале болсо күмөн бар. Ал күмөндөр мумиянын сатылып кетикенине жакыныраак. Ал эми Оштогу мумия тууралуу музейдин мурдагы кызматкерлери бар эле, көргөзмөдө турган деп ишенимдүү айткандары менен анын көмүлгөн жеринин дайыны жок же кагазда эч кандай маалымат сакталбай, аты-жыты билинбей калганы да, ал мумиянын жашыруун сатылып кеткенине шек жаратат.

Тарыхый чоң мааниге ээ мумиянын дайынын билбеген Сулайман-Тоо музейинин бүгүнкү абалы кандай? Азыр да мумия сыяктуу көп нерселер дайынсыз болуп кетип жаткан жокпу? Азыркы жетекчиликтин аткарып жаткан иши канчалык канааттандырат? Буга жооп издейбиз.

Дайынсыз иштетилген миллиондор

Ош шаарындагы көз карандысыз «Аудит-Финучет» жоопкерчилиги чектелген коому 2020-жылдын 3-декабрында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгынын катынын негизинде Сулайман-Тоо музей комплексиндеги киреше чыгашаны текшерген. Анын жыйынтыгында 3 089 995 сом ишкананын эсебинен негизсиз ашыкча чыгымдалгандыгы тастыкталган. Бул акчалардын үчтөн эки бөлүгү ошол кездеги башкы бухгалтер Мая Айтиеванын эсебине айлык же башка чыгымдарга деп негизсиз которулса, калган бөлүгү ишкананын башка кызматкерлеринин эсебине которулган.

Бул жерде маани берүүчү жагдай бар: 2020-жылдын 1-июнуна чейин Мая Айтиева башкы эсепчи болсо, 1-июнунан баштап Сабыржан Макамбаев аттуу кызматкер музейдин башкы эсепчилик кызматында иштей баштаган. Айтиевнын эсептик картасына негизсиз которулган акчанын 757 578 сому дал ушул Макамбаев башкы эсепчи болуп иштеген мезгилде которулган. Үч айдан кийин гана 2020-жылдын 8-сентябрынан электрондук кол ключун сертификат менен Макамбаевге өткөрүлүп берилген. Текшерүүчү аудит «мекеме мындан сырткары сапар чыгымдарынын 2019-2020-жылдардагы отчетторун толук көрсөтө алышкан жок. Мындан улам текшерүү толук кандуу болгон жок», — деп билдирген. Маалыматтардын чындыгын тастыктап сегиз адам кол коюп жатат.

Музейдин уставында «Башкы директор бардык финансылык–чарбалык документерге кол коюга укуктуу, ал жеке башкаруунун негизинде жетекчилик жүргүзөт жана «Сулайман-Тоо» УТАМКсынын иши үчүн жоопкерчилик тартат» деп көрсөтүлгөн. А Султан Абдрахманов 2018-жылдын май айынан бери жетекчилик кызматта иштеп келет. Ушул киши мыйзам боюнча жооп бериши керек. Бирок Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан 2014-жылдын 1-октябрындагы атайын буйругунда Айтиева Мая Азизбековна башкы эсепчи кызматынын бардык банк жана финансылык документерине экинчи кол коюу укугу берилген деп көрсөтүлгөн.

 

Эми дал ушул мыйзамсыз иштетилген 3 млн сом жана ага жооптуулар ким болушу керектигин анализдеп көрөлү. Ар кандай финансылык иш-аракеттерде коррупциялык элементтер болбосу үчүн эки адамга электрондук ЧИП же кол коюу укугу берилет. Бул башкы директор жана башкы бухгалтер. Азыр музей-комплекстин жетекчиси Султан Абдрахманов «Мен буга чейин финансылык иш аракетерди жургүзүү укугун жана аты аталган башкы бухгалтер Мая Айтиевага өткөрүп бергенмин, акчанын мыйзамсыз иштелип жатканын билген эмесмин. Электрондук чип бар экенин да билген эмес экенмин» деп олтурат.

«Жеп алат деп эч ким ойлобойт да. Бул маселенин баарын мен жакшы түшүнөм. Адамдык фактор деген бар.  Моралдык жоопкерчилигими сезем. Мен гуманитрадык багыттагы жетекчимин. Мен журналистмин. Финансылык маселелрдин баарына ар бир жетекчи жооп берүүгө милдеттүү эмес да». 

Биринчиден, Абдрахманов көчөдөн келген киши эмес. Ал КТРКда, ЭЛТРде жетекчилик кызматта жүргөн. Көп жылдардан бери журналист болуп да иштеген. Башкасы билбесе да мурдагы журналисттин электрондук кол кою тартиби тууралуу билбей калышы мүмкүн эмес эле. Экинчиден, мыйзамга ылайык ар кандай мамлекеттик мекемеге электрондук кол коюу укугу берилээрде башкы бухгалтер менен жетекчи сөзсүз түрдө бир эмес үч мекемеден — КАЗЫНАГА, НОТАРИУСКА жана электрондук чипти берген мекемеге өзү барып, өзү кол коюп, өзү каттоодон өтүшү керек. Ошондо гана чип колго тиет. Эгерде өзү барбай тааныш же башка жолдор аркылуу маселенин бүтүрсө бул да мыйзам бузуу. Жоопкерчилиги бар. Олчойгон акча каражатынын мыйзамсыз которулган билбей олтуруу шалаакылык деп аталат, ага административтик айып пулдан баштап эки жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Көңүл буруучу үчүнчү жагдай, мыйзамсыз которулган 3 млн сомдун 757 578 сомду күнө коюлуп жаткан Мая Айтиеванын эсебине ал жумуштан кеткенден кийин которулуп жатат. Эгерде акчанын мыйзамсыз корошуна Айтиева эле күнөөлүү болсо, эмне үчүн ал жумуштан кеткенден кийин анын эсебине дагы акча которулган. Буга электрондук чиби жок иштеп турган бугалтыр Макамбаев күнөлүүбү, же электрондук чип бар экенин билбеген Абдрахманов күнөлүүбү? Акчаны деги ким которгон? Жооп ачык бойдон калууда.

Төртүнчү маселе — эмне үчүн сапар чыгымдары так жазылган эмес? Кайсы кызматкер, кайсы мамлекетке кандай маселе менен барганын далилдөөчү документтердин толук эмес болушу, ишканада мындан башка да финансылык мыйзам бузуулар болушу мүмкүн деген күмөн жаратат. Учурда Айтиева жумуштан кетип, иш тергөөдө. Тажрыйбада кызмат абалынан кыянаттык менен колдонбошу үчүн мындай учурда жетекчилик да убактылуу кызматтан четтетилет. Бул чечимди министрлик кабыл алышы керек эле. Бирок териштирүү эки жылдан бери уланып келгени менен, Султан Абдрахманов өз ордунда эле иштеп жатат.

Сулайман-Тоодогу куураган дарактар

2020-жылдын май айында каронавирус күчөп, элдин баары карантинде олтурганда Сулайман Тоонун жетекчилиги туристерге шарт түзүшүбүз керек деген негизде куураган дарактарды кыйдырган. Мунун баары кийин мыйзамсыз болуп чыкканын музейдин кызматкери Төрөбек Бактыбек уулу айтып берди:

«Карантиндин башында, жалган айтпасам орозонун 3-4-күнү болчу. Жетекчилик жумушка чакырды. «Министрликтен буйрук келди, силер иштешиңер керек экен» деди. Баарыбызга беткап, антисептиктерди колубузга карматты. «Эмне кылабыз десек, дарактарды кыябыз» деди. Жапжашыл болуп турган дарактарды кыйдык. 370 түп даракты кыйганбыз. Султан Абдырахманов мага » телефонуна тартпа, бул мыйзамдуу» деди. Көрсө мыйзамсыз экен да. Кийин прокуратура келип айыппул салыптыр. Аны жетекчи өзү айтты. Биз кырккан отундардын ар бир машинесин 1000 сомдон сатышыптыр. Азыр сатып алган адамдар өздөрү коркуп жүрүшөт. Ошол кыйылган дарактарды чукуп чыкканым үчүн жетекчилик тарабынан кысым болду. «Иштен кетиребиз» дегенге чейин барышкан». 

Кийинчерээк дарактардын кыйылганы тууралуу маалымат Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин Ош шаардык башкармалыгына жеткен. Мекеме чындыгында эле бир катар дарактар мыйзамсыз кыйылганын аныктап, иш прокуратурага өтүп, айып пул өндүрүлгөн.

«2020-жылы бул агай (ред- Султан Абдырахманов) биздин уруксатыбыз жок 46 түп даракты өз алдынча кесип ийип Экотехинспекция тарабынан аныкталып, 33 313 сом айып пул өндүргөнбүз», -дейт Экотехинспекциянын Ош шаардык башкармалыгынын башкы инспектору Арын Эсенбаев.

Мыйзамсыз кыйылган дарактар тууралуу музейдин кызматкери менен экологиялык адистин эсеби эки башка чыкты. Ал эми Султан Абдырахманов дарактарды кыюу учун атайын кызматтан уруксат алышты убагында билбегени аз келгенсип, ал убакта канча дарак кыйылганын да эсептебегенин билдирди.

«Май айында чарбалык иштерди жасагыла деп, мамлекеттен тапшырма болгон. Кийин биз  жол боюндагы куураган дарактарды тазалап коелу деп ушундай аракет жасаганбыз. Ал убакта бардык ишканалар жабык болуп карантинде отурушкан. Мен ал жерде мынча дарак кыйылды деп так эсептей албайм. Биринин капталы, дагы биринин бутагы кыйылган. Анын ар бирин эсептеп отурбайм да. Келген туристтерге биз куураган дарактарды көрбөсүн деген аракетибиздин артынан кайра биз жаза алдык». 

Күмөн жараткан дагы бир жагдай. Сулайман-Тоо тарыхый-археологиялык музей комплекси 2021-жылдын июль айында мамлекеттик туу жасатуу үчүн тендер жарыялаган. Мамлекеттик сатып алуулар порталында бир даана желек 120 миң сомго бааланганы жазылып турат.

Бул маселе боюнча жетекчиликтен сураганыбызда ал бир эмес, 10го чукул желек жасалган деп билдирди. Кийинчерээк чарбалык-техникалык бөлүмүнүн башчысы келип, кабыл алуу актысын көрсөттү. Анда туурасы 3 узуну 5 метр болгон 10 даана желек 5 кишинин колу менен кабыл алынганы тууралуу жазылып турат. Бирок килтейген мамлекеттик сатып алуулар порталы адашпаса керек эле.

Сулайман-Тоого жылына мамлекеттик бюджеттен 15 млн сомдун тегерегинде акча бөлүнөт. Андан сырткары мекеме өзү жылына 8 миллион сомго жакын киреше табат. Дал ушул тарыхый жайды оңдоо үчүн 1996-99-жылдары марафон уюштурулуп, анда 12 млн сом түшкөн. Ага тоону жашылдандыруу үчүн носостук суу өткөргүчтөр алынган. Ал жашыл аймактын 30%ызын суугарууга гана мумкүнчүлүк түзгөн. 2007-жылдары Бакиевдин учурунда Жантөрө Сатыбалдиев башында туруп, марафон өткөргөндө да миллиондор түшкөн. 2017-жылы Темир Сариев өкмөттү баштап турганда дагы 7 млн сом болүнүп, жетекчилик бул каражатка түтүктөр алмаштырылды деп отчет берген.

ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген Сулайман-Тоону өнүктүрөбүз деп мамлекеттен, Эл аралык донорлордон, марафон сыяктуу иш-чаралардан, чоң-чоң компаниялардан миллиондогон акчалар бөлүнүп келет. Бирок тоо өнүгүп кеткенин көргөнүбүз жок. Түшкөн акчаны кайсы жетекчи болбосун үзүлгөнүн улам, эскисин жамадык деп эле тим болушат. Эми болсо дүйнөлүк банк 4 млн доллар берүүнү көздөп жатат. Канткен күндө да акчалар мыйзамсыз иштетилип, аны жетекчи билбей калыптырмын деп кутулуп кетпесе болду.

Автор Т-медиа 11665 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*