Түрк жаранынын урдалышы: УКМК шектүүлөрдүн бири кармалганын билдирди

Болот Матраимов (сол жакта) жана Ниязалы Махаматкарим уулу (оң жакта)

Түркиялык ишкерди уурдоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 24 жаштагы Кыргызстандын жараны Махаматкарим уулу Ниязалы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка караганда, шектүү милиция менен биргеликте колго түшкөн. Ал түрк жаранын уурдоону уюштургандардын бири экени УКМК тараткан маалыматка белгиленген.

Учурда кылмыш ишинин негизги катышуучусу 31 жаштагы Болот Матраимов изделип жатат. Ал укук коргоо органдарынан из жашырып жүргөнү кабарланды. Ошондой эле, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ишкерди уурдоого 1976-жылы туулган түрк тектүү кыргызстандыктын тиешеси бар экени аныкталып, ага издөө жарыяланган.

Ал эми бул иш боюнча мурда шектелип кармалган Ж.Б 25-январда сот органдары тарабынан үй камагына чыгарылды.

2021-жылдын 1-декабрында «Манас» Эл аралык аэропортунан түркиялык бизнесмен уурдалып, тонолгону маалымдалган. Бул фактыга үч жарандын катышы бар деп шектелүүдө. Алардын бири Бегимай Жоробекова 9-декабрда кармалып, эки айга камакка алынган.

Автор Т-медиа 11665 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*