www.t-media.kg
Улуу муунду сүрдөткөн санарип технологиялар
Учурда адам баласынын жашоосун жеңилдетүү үчүн түрдүү санарип технологиялар, мобилдик тиркемелер иштелип чыгууда. Алардын жардамында сиз үйдө отуруп эле коммуналдык төлөмдөрдү, эл аралык акча которууну жүргүзүп, жада калса тамак-аш, кийим-кече буюртма кылып, убактыңызды бир топ үнөмдөсөңүз болот. Бирок мындай ыңгайлуулуктарды колдонуу улуу муунга түйшүк жаратат. Андыктан көпчүлүгү тиркемелерди жана башка кызматтарды колдоно беришпейт.
Саламат Азимбаева Ош шаарындагы колледждердин биринде мугалим. Өзү пенсия курагында. Замандан артта калбай, жумушунда да, үйүндө да замандын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга аракет кылат. Билбей калган жайында балдарынан сурап, же Ютубдан издеп тапканга аракет кылат. Жумушунда студенттерге интерактивдүү метод менен сабак өтөт. Атайын тесттерди, ребустарды, тапшырмаларды даярдоону жакшы өздөштүрүп, студенттерди окууга кызыктырып, көңүлдүү сабак өтөт. Ал эми үйүндө мобилдик тиркеме аркылуу коммуналдык төлөмдөрдү төлөп, электрондук картасындагы акчаны өзүнө ыңгайлуу болгон банкоматтан алып, банктагы кезек күтүүдөн үнөмдөгөн убактысын эс алууга арнайт.

Саламат Азимбаева
Ош шаарынын тургуну
Айлык маянаны, пенсияны алуу учуру келгенде банктарда кезек күтүү бир гана пенсионерлердин эмес, банк кызматкерлеринин да түйшүгүн көбөйтөт. Көбүнесе банк кызматкерлери банкомат аркылуу акча алууда жардам берсе, башка учурда көчөдө бараткан жарандар да жардам колун сунушат. Мисалы Тынымгүл Акматова банкоматты жана терминалдарды колдонбойт. Ал үчүн түшүнүксүз. Бирөөдөн жардам суроо ага ыңгайлуудай.
Мобилдик тиркемелерди колдоно албагандын кесепети убакытты көп коротууга жана убарагерчиликке алып келет. Картасына акча түшкөн же түшпөгөнүн билүү үчүн айыл жергесинен шаарга убара тартып келгендер да бар дешет банк кызматкерлери. Бул банкта кезек күтүүнү чоңойтот. Банк кызматкерлеринин айтымында, болжолдуу он адамдан бир эле пенсионер колдоно алат.
"Айла жок банк кызматкерлери чыгып жардам беришет, коопсуздук кызматкерлери чыгып жардам беришет. Ар айда 2-3 күн ушундай болот. Банкоматта акча калбай калган учурда банктын кассасында ушундай абал жаралат. Пенсия курактагылар үйрөнсө болот. Бирок жалкоолук кылышат. Аткени аларга картасын берип коюу жеңил да. Эгер ошол үчүн да 20-50 сом төлөй турган кылып койсо, өздөрү эле үйрөнүп алат беле"-дейт банк кызматкери Мелис Аданов.
-"Жада калса эсебинде канча акча бар экенин билүү үчүн да келишет. Акча болбой калса, кетишет. Ошончо алыс аралыктан басып келгени жөн эле убарагерчилик"-дейт банк кызматкери Аскар Момунов.
Кардарлар үчүн банкоматты же терминал кызматын колдонуп жатканда колдонмо-нускама (инструкция) көрсөтүлгөн эмес. Андыктан ал татаал көрүнүп, түшүнүксүз бойдон кала берет.
Жаңы программаларды иштеп чыгууда колдонуучу үчүн эң биринчи орунда ыңгайлуулук болушу керек. Программанын жөнөкөйлүгү, логикалык иреттүүлүгү, дизайнерлик кооздоо, стилистика, түстөр менен иштөө - мунун баары интерфейс-дизайнердин (user interface) мойнунда. Программаны иштеп чыгуучу ошол эрежелерди сактоосу керек. Учурда Кыргызстанда программа иштеп чыгуучу адистер көп, бирок проект-менеджерлер аз экенин айтат Тилек Абдираимов. Алар мобилдик тиркемелер кандай курулуш керек экендигине жооп беришет.
Азыркы учурда IT компоненттерди түшүнбөгөндүктөн Кыргызстанда ушул тармакта жакшы продукт курай албай жатышат. Кардарлар башында көп акча коротуп алышат да, аягына чейин толук программа иштелип чыкпай калат. Ошонун айынан түшүнбөстүктөр жаралууда. Ал атайын тесттен өтүшү керек. Толук иштелип чыкпаган программаны колдонуучулар колдонгондо кыйналышат. Анткени ал татаал, коом түшүнбөйт аны. Тиркеменин жаштарга жана да улуу муунга ыңгайлуулугун эске алуу зарыл"- дейт IT адиси Тилек Абдираимов.
Санарип жаны технологиялардын коомдо ыкчам жайылып жатканын эске алганда, аларды калктын бардык катмары пайдалана алуусу учун IT адистери да, банк кызматкерлери да ынгайлуулугун жакшыртуусу керек. Себеби, кардардын суроо-талабы баарынан маанилүү.
Автор:
Улукбек Сали уулу
журналист