Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова иштен кетүү тууралуу арыз жазды

Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова президент Садыр Жапаровдун атына кызматын өз каалоосу менен тапшыруу жөнүндө арыз жолдоду. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта жаңы кабыл алынган Конституцияда Жогорку соттун төрагасын шайлоо тартиби толук өзгөртүлгөнү белгиленген.

«Буга чейин төрага Жогорку соттун судьялары тарабынан үч жылдык мөөнөткө шайланып келсе, жаңы Конституция боюнча Соттор кеңешинин сунушунун негизинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын макулдугу менен президент тарабынан 5 жылдык мөөнөткө дайындалат»,  -деп айтылат маалыматта.

Ушул жагдайга байланыштуу Нургүл Бакирова Жогорку соттун төрайымы кызматын өз каалоосу менен тапшыруу жөнүндө чечим кабыл алган.

Бакирова өзү кызматтан кетүүсүнө эмне себеп болгону тууралуу азырынча комментарий бере элек.

49 жаштагы Нургүл Бакирова бул кызматка 2021-жылы апрелде шайланган. Ага чейин Жогорку соттун төрайымынын орун басары болуп иштеп келген. Ал эми 2018-жылдын 23-майынан тарта ведомствонун судьясы болуп эмгектенген.

Бакирова Жогорку соттун судьясы кызматына келгенге чейин 2007-жылы Ош облустук сотунун төрагасынын орун басары болуп жети жыл иштеген. Андан кийин Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин гендердик саясат бөлүмүнүн башчысы, андан соң укукту камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы болгон.

2015-жылкы парламенттик шайлоодо «Ата Мекен» партиясынын тизмеси менен катышкан.

Автор Т-медиа 11665 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*