Ошто унаа токтотуучу жайлар жетишсиз. Видео

Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдында унаа токтотуучу жайлардын жоктугу жашоочулардын нааразычылыгын жаратууда. Бул тууралуу «Т-Медианын» кабар бер рубрикасына шаар тургуну билдирди. Биздин редакция тиешелүү тараптарга кайрылып көрдү.

Машина айдагандардын эң башкы көйгөйү бул — аны коюууга жай издөө. Айрыкча Оштогу көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы унаа токтотуучу жайлар дайыма тартыш болот. Биздин редакцияга Курманжан-Датка көчөсүнүн тургуну үйүнүн алдына унаа токтотуу түйшүктүү болуп жаткандыгын айтты.

«Бул маселеге тиешелүү органдар тарабынан чара көрүлөбү?» — деп суроо салган.

Шаардыктар айтып кайрылган көйгөй менен биз Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыгына бардык. 

Санатбек Зарипбек уулу

«Көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы парковка көйгөйүн чечүү бул жашоочулардын демилгеси болуш керек. Үйлөрдүн араларында мыйзамсыз контейнерлерди коюп алышкан, алдыларын тосуп алышкан. Эгерде жашоочулар ошол  нерселерин алып салганы макул болушса, муниципалдык унаа коюуучу жай курса болот», —  дейт Ош шаарынын мэриясынын Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары Санатбек Зарипбек уулу.

 

Ал эми башка өлкөлөрдүн парковка маселесин чечүү жолдору кандай болгон?

Германияда орточо үй-бүлөнүн эки же андан ашык машинасы болот. Бирок мамлекет аларга үй куруп жатканда сөзсүз унаа токтотуучу жай камсыз кылуусун талап кылат. Ал эми аны аткарбагандарга айып пул жазылат. Берлинде автолифттерди колдонушат, алар унааны жердин астындагы гаражга алып кирет. 

Ал эми Японияда үйдүн айланасында автоунаа токтотуучу жайың болбосо, машина сатып ала албайсың.

Биздин өлкөдө күндөн күнгө көп кабаттуу үйлөр курулуп атат, бирок унаа коюуучу жайлар жетишсиз бойдон калууда.

Автор Т-медиа 12153 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*