
Кыргызстанда 3 — февралга карата коронавирус дагы 243 кишиден жаңы аныкталды. Оорудан бир күндө 617 бейтап сакайып, төрт адам көз жумду.
COVID-19 илдети жаңы катталган учурлар: Бишкекте — 124, Ошто — 5, Чүй облусунда — 56, Ош облусунда — 5, Талас облусунда — 4, Нарын облусунда — 8, Ысык-Көл облусунда — 27, Жалал-Абад облусунда — 4, Баткен облусунда — 10.
Өлкөдө пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери 198 962 адам коронавирус жуктурду. Анын ичинен 189 392 бейтап ооруну жеңди. Инфекциядан жалпы 2893 киши каза болду.
Учурда стационарда — 961, үйдөн 4181 бейтап дарыланып жатат.
Оставьте первый комментарий