Оштогу «Достук» көпүрөсүнүн астындагы унаа токтоочу жайды ким иштетүүдө? Видео

Алишер Навои көчөсүндөгү «Достук» көпүрөсүнүн түбүндөгү автоунаа токтоочу жай кайрадан иштеп жатат. Бул тууралуу биздин «Кабар бер» рубрикабызга Ош шаарынын тургуну маалымдады. Ал жердеги парковка канчалык мыйзамдуу? Биздин редакция жооп издеп көрдү.

Буга чейин аталган жер тосулуп, машина коюууга тыюуу салынган болчу.

Ошол учурда Ош шаардык мэриясынын маалымат катчысы Азамат Жээнбеков көпүрөнүн астындагы парковка мыйзамсыз экенин айтып билдирүү жазган.

Биз бул боюнча Ош шаар куруу жана архитектура башкармалыгына кайрылдык.

«Мэриянын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгына көпүрөнүн астындагы унаа токтотуучу жай мыйзамсыз деп кайрылганбыз. Кийинчерээк бул иш каралып, ошол автостоянка жок болгон. Анын оордуна башка бир кызыкчылыктар менен жеңил конструкциядагы курулуш курабыз деп сурап келгенде, биз макулдук берген эмеспиз», — деди  Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысынын орун басары Рысбек Токоев.

Көпүрөнүн астындагы унаа коюуучу жай жана соода-сатык түйүндөрү мыйзамсыз болсо, эмне үчүн учурда ал жерде учурда машиналар коюлуп, сатуучулар да соода кылып жатышат? Биз мэриянын маалымат катчысынан сурап көрдүк.

«Өз билемдик менен эле парковка кылып башташпаса, ал жерге уруксаат берилген эмес. Мыйзамдуу түрдө мэриядан уруксат жок», — дейт Азамат Жээнбеков.

Архитектура менен мэриянын жообунан соң, базар администрациясына кайрылып көрдүк. 

«Ал жерде башаламан соода кылгандар болуп жатат. Азыркы учурда базардын ичинде жаңы орундуктарды даярдап атабыз. Кийинки жумадан ошол жака киргизгени аракет кылабыз. Учурда алар башаламан соода кылып отурушат, аларды эч ким карабайт. Бир тургун стоянка кылам деп тендерден утуп алган эле. Ким экенин билбейм», — дейт Ош шаардык борбордук базар дирекциясынын башчысы Нияз Исмаилов.

Демек ал жердеги парковка эл өз билемдик менен кимге иштеп жатат? Ким чара көрөт? Ким жоопкерчилик алат? Суроолор жоопсуз калууда.

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*