Бүгүн кышкы Олимпиада оюндары ачылат. Кыргызстандын туусун ким көтөрүп чыгат?

Бүгүн Кытайдын Пекин шаарында кышкы Олимпиада-2022 оюндарынын ачылыш аземи болот. Иш чара Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат. 

Олимпиадага катышуу үчүн Кыргызстандан жалгыз лыжачы Максим Гордеев кеткен. Ал мелдештин ачылыш жана жабылыш салтанатында өлкөнүн туусун көтөрүп чыгат.

Гордеевден сырткары Кыргызстандын спорттук делегациясынын курамында анын машыктыруучусу Игорь Борисов, миссиянын башчысы Чолпон Жумагазиева бар. Улуттук олимпиада комитетинин президенти менен анын башкы катчысы Садыр Мамытов жана Кылычбек Сарбагышев да барган.

Ошондой эле, 3-февралда президент Садыр Жапаров Пекинге иш сапары менен кеткен. Өлкө башчы бүгүн, кышкы Олимпиада – 2022 оюндарынын ачылыш аземине катышат.

Кыргыз курамасынын спорттук формасы

28-январда Улуттук олимпиада комитети Кыргызстандын делегациясы Олимпиадага кийе турган кийимдерди жарыялап талкууга калган. Кийин ал, машыгуу учурунда гана кийиле турганын айтып жаңы форманы көрсөттү. Ошондой эле, 17-январда УОК Максим Гордеевге лыжа сатып бергенин билдирген.

УОК Кыргыз курамасы Олимпиадада кийе турган расмий форманы көрсөттү. Сүрөт

Салтанат кайсыл жерде өтөт?

Олимпиаданын ачылыш аземи Пекинде 2008-жылы жайкы олимпиадалык оюндары өткөндө салынган спорт имаратында болоору күтүлүүдө. XXIV кышкы Олимпиада 4-февралдан 20-февралга чейин уланат.

2008-жыл, жайкы Олимпиаданын ачылышы

Бул жылдагы Олимпиаданын өзгөчөлүгү АКШ, Австралия баштаган бир катар өлкөлөр бойкот жарыялап, алардан расмий адамдар мелдешке барбай турган болду. Бирок аталган өлкөлөрдүн спортчулары Олимпиадага катыша алаары айтылган.

Кыргыз лыжачысы Олимпиада да 16-февралда оюнга чыгат.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1488 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*