Башкы прокуратура Темировдун арызын Бишкек прокуратурасына жиберди

Башкы прокуратура иликтөөчү журналист Болот Темировдун ички иштер органдарынын үстүнөн жазган арызын Бишкек шаардык прокуратурасына жиберди. Бул тууралуу журналист өзүнүн «Фейсбук» баракчасында билдирди.

Арызда, Темиров милицияга каршы сот өндүрүшү боюнча жана Темиров Live ( расмий Нью Медиа) каналынын кызматкерлеринин жеке жашоосу тууралуу видеотасмалардын жайылышына даттанган.

Иликтөөчү журналист Болот Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция 23-январга караган түнү кармап кеткен. Андан бир күн мурун Темиров жана анын командасы Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын тууганынын аты аталган журналисттик иликтөө жарыялаган болчу.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирүүсүндө журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровго Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгонун (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо) маалымдады.

Темиров менен Назаров 23-январга караган түнү кармалып, ИИМ имаратынын алдында ондогон медиа өкүлдөрү, жарандык активисттер каршылык акциясын өткөрүшкөн. Натыйжада экөө тең ошол эле күнү эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган.

Кыргызстандын медиакоомчулугу иликтөөчү журналистке карата аракетти куугунтук катары баалап келет.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1231 статья
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*