Жаңы жетекчини киргизген жок. Жумабеков кызматтан кетпей турганын билдирди

Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборун жетектеп келген Сабырбек Жумабеков, ооруканага жаңы директорду тааныштырууга барган Саламаттык сактоо министринин орун басарын имаратка киргизбей койду. Мекеменин алдына Жумабеков менен бирге жамаат чогулуп чыккан. 

Бүгүн Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын куруп, Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борбору Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлгөнүн билдирген. Жумабеков кызматтан алынып, ооруканага жетекчи болуп Гулия Кожокматова дайындалганын айткан болчу.

Бирок Жумабеков жаңы жетекчини сындап, президент айтмайынча кызматтан кетпей турганын билдирди.

«Жаңы директоруңуздан сураңызчы бир операция кыла алабы? Бир жаш окумуштууну үйрөтө алабы? Менин азыр 8 операциям бар эле. Анын баарын кийинкиге калтырышка туура келди. Токтом боюнча мени мэрия кызматка коёт. Азыр шаардык кеңештен буйрук алып келгиле» — деди Жумабеков.

Соңку эки күндө бери министр Бейшеналиев Жумабековду оорукананы менчиктештирип, туугандарын жумушка орноштуруп алганга күнөөлөсө, Жумабеков аны жалган жалаа деп келет.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1488 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*