
Кара-Суу районунда беш жүз миң сомдон ашуун мүлктү уурдоого шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.
«14-январдан 16-январга караган түнү Кара-Суу районунда жайгашкан турак үйдүн ичинен 350000 (үч жүз элүү мин) сом, 1000 (миң) АКШ доллар жана алтын буюмдарды уурдалган. Ошондой эле 30-январда Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айыл аймагында жайгашкан үйдүн ичинен 89 600 (сексен тогуз миң алты жуз) сом акча уурдалган. Бул кылмыштарга шектелип учурда 2 жаран кармалды», — деп айтылат маалыматта.
Кылмышка шектүү катары ошол эле райондун 19 жаштагы Б.А. жана 17 жаштагы Ж. у. Ж. аттуу тургундары кармалган.
Факт Кара-Суу РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодекстинин 205-берененин (уурулук) кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
19 жаштагы Б.А. Кара-Суу райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген, ал эми Ж уулу Ж жашы жете электигине байланыштуу үй камагына чыгарылган.
Учурда шектүүлөр тарабынан башка кылмышка катыштыгы бардыгын тактоо максатында тергөө амалдары уланууда.
Оставьте первый комментарий