Шайлоодо кызматынан четтетилген декандын кайтып келүүсүнө жамааты нааразы болууда

Ош мамлекеттик университетинин Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин бир канча окутуучулары шайлоо ишине байланыштуу кызматтан алынган мурунку деканы Бакыт Муратбаевди кайра кызматка кайтуусуна каршы. Ал жумушка кайтуу аракетин көрүп жатат дегендер атайын кайрылуу кабыл алышып, анын буга чейинки коррупциялык иш-аракеттерге аралашканын айыпташкан.

Кайрылууда: “Муратбаев декандык кызматта иштеп турган мезгилде окуу жылы ичинде такыр сабакка келбеген, он-лайн окутууда бир да жолу катышпаган студенттерди курстан-курска көчүрүп, лекция өткөн окутуучуларды басынтып, шылдыңдап, алардын сунушун укпай, башка окутуучулардын атына ведомость түзүп, келбеген студенттерге баа койдуруп, өз билгениндей иш-аракет жүргүзгөн”,-деп айтылат.

Ошондой эле аны ири коррупциялык иштерге айыпташып: “Ушундай текебер жетекчи кайрадан декан болууга моралдык укугу барбы?”,-дешкен.

Ал эми Бакыт Муратбаев бул дооматтар негизсиз экенин айтат:

Мага каршы болуп жүрүшкөн бир канча окутуучу бар. Бул ошолордун иши болсо керек. Мен айткам, эгер далилдериңер болсо, соттотуп жибергиле деп. Жалпылап айтканда, ал айтылган дооматтар негизсиз”,-дейт.

Белгилей кетсек, Муратбаев өткөн жылдын ноябрь айынын башында аталган окуу жайдын студенттерин шайлоого аттанган партиялардын биринин үгүт иштерине катыштырганы үчүн деп декандыктан кеткен. Аны менен кошо факультеттин дагы үч окутуучусу иштен алынганы маалымдалган. Алардын айынан Ош МУнун ректору Кудайберди Кожобеков да жумушунан убактылуу четтетилип, кайра келген.

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*