
Эртеңден баштап өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаап, абанын температурасы төмөндөйт.
Кыргызгидромет агенттигинен билдиришкендей, кар Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 6-февралдан тарта жаашы мүмкүн. Нарын менен Ыссык-Көлдө 7-8-февраль күндөрү күтүлүүдө.
7-февралда айрым тоолуу райондордо кар калың түшүшү ыктымал. Нарында да 7-10-февраль күндөрү кар жаап, температура күндүз -5…-7 градуска чейин болушу божомолдонду.
Ал эми 11-12-февралда аймактарда жаан-чачын болбойт.
Оставьте первый комментарий