Соңку суткада коронавирустан дагы 3 бейтап көз жумду

Бүгүн, 6-февралга караган суткада коронавирус дагы 110 кишиден аныкталды. Оорудан 341 бейтап айыгып, үчөө көз жумду. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Жаңы 110 учурдун аймактар боюнча саны:

Бишкек — 56;

Ош шаары — 10;

Чүй облусу  – 18;

Ош облусу – 3;

Ысык-Көл облусу – 12;

Жалал-Абад облусу – 5;

Баткен облусу — 6.

Ушуну менен илдет жуктургандардын жалпы саны 199 436га жетүүдө. Айыккандар 190 709. Курмандыктар 2902.      

Учурда стационарда 855 жана амбулатордук түрдө 3429 адам дарыланып жатат.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*