ОшМУ кызматка кайра келери айтылган мурдагы декан боюнча комментарий берди

Ош мамлекеттик университети парламенттик шайлоодо студенттерди үгүт иштерине аралаштырганы үчүн кызматынан алынган Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин мурдагы деканы Бакыт Муратбаев боюнча комментарий берди.

Окуу жайдын финансы бөлүмүнүн башчысы Замир Пусуртегиндин айтымында, Муратбаевдин кызматка кайтканы тууралуу азырынча эч кандай чечим жок. Бул иш учурда сотто каралып жатат.

«Үч мугалим боюнча сот иштери териштирилип бүттү. Алардын эмгек тартипти бузгандыгы жөнүндө университеттин тартипттик комиссиясы иш жүргүзүп жатат. Мындан тышкары факультет жетекчилигинин да жоопкерчилиги каралууда. Комиссиянын чечиминен кийин окумуштуулар кеңешинде каралат. Ошондуктан мурдагы декан жумушка кайра кайтканы боюнча кандайдыр бир чечимдер жок. Иш сотто каралып жатат жана алар аркылуу кандайдыр бир чечимдер болот. Же болбосо окумуштуулар кеңеши тарабынан чечилет».

Пусуртегин кошумчалагандай, Бакыт Муратбаев мөөнөтүнөн мурда кызматтан кеткенине байланыштуу, анын милдетин 2021-жылдын 6-ноябрынан тарта Алмазбек Казибеков аткарып жатат.

Буга чейин Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин бир канча окутуучулары биздин редакция кайрылышкан. Алар парламенттик шайлоого байланыштуу кызматтан четтетилген мурдагы декан Бакыт Муратбаевдин кайра кызматка кайтуусуна каршы болушууда. Айтымдарында, Муратбаев жумушка кайтуу аракетин көрүп жатат.

Студенттердин үгүт ишине тартылышы

Былтыр 3-ноябрда Ош шаарынын борбордук аянтында парламенттик шайлоого катышкан «Азаттык» партиясы үгүт иш-чарасын өткөргөн. Ага 100дөн ашуун киши катышкан. Ошол эле күнү соцтармактарда иш-чарага «Ош мамлекеттик университетинин Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин студенттери катышып жатат» деген маалымат тараган.

Ал эми жерине барган журналист Ыдырыс Исаков жолугушууга келгендерден алар кайсы университеттин студенттери экенин сураганда, алардын айрымдары ОшМУнун, кээ бирлери ОшТУнун студенттери болушканын тастыкташкан. Ошондой эле студенттер аларды борбордук аянтка мугалимдер жана декан алып келишкенин билдиришкен.

Ошол эле күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тергөөнү баштаган. Ал эми ОшМУ эки окутуучусуна сөгүш жарыялап, Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин деканы Бакыт Муратбаевге эскертүү берген. Ал эми Ош ШИИБи «Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштап, 15 студент жана сегиз мугалимден сурак алган.

9-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ОшМУнун ректорун окуу жайдын студенттери үгүт иштерине катышкандыгы үчүн кызматтан алганын билдирген. Кожобековдон сырткары окуу жайдын Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин деканы Бактыбек Муратбаев жана үч окутуучусу иштен бошотулган.

Кожобековдун кызматтан алынышы университеттин кызматкерлеринин жана студенттеринин арасында нааразычылык жаратып, алар ректорду колдоо акцияларынын өткөрүшкөн. Мындан улам ал Билим берүү министрлиги ишти иликтеп чыкканга чейин кызматынан убактылуу четтетилип, кийин кайрадан кызматына кайтарылган.

Автор Т-медиа 11884 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*