
1-2 февралда айрым жергиликтүү басылмалар «Кытайлык жана орусиялык окумуштуулар Кыргызстандан рак клеткаларын жок кылган гүлдү табышты» деген баштема менен макала жарыялашкан. Алар маалыматты ТАСС сайтына шилтеме берип жазышкан.
«Т-Медиа» бул маалыматты текшерип көрдү.
«Кабар» маалымат агенттиги рак клеткаларын жок кылган гүл (Весенник длинноножковый- erantis longistipitata) тууралуу малыматты IJMS (International journal of science — молекулярдык илимдердин эл аралык журналы) журналына шилтеме берип жазган. Ал эми 24.kg сайты такыр башка IJMS (International journal of medical students- медициналык студенттердин эл аралык журналы) журналды атаган.
Бул басылмалар шилтеме берген ТАСС агенттиги болсо Орусиянын илимий фондуна таянып жазган. Биз илимий фонддун официалдуу сайтына кирип, бул маалыматты таптык. Анда «Кыргызстанда толук изилденбеген өсүмдүк табылган. Анын жалбырактарында шишиктерди жана башка ооруларды айыктыра алган кумарин жана фурохромондор бар экени аныкталган» — деп айтылат. Аталган изилдөөнүн жетекчиси Андрей Эрст экени кошумчаланган.
Орусиянын илимий фонду IJMS (International journal of science — молекулярдык илимдердин эл аралык журналы) журналындагы макалага таянып жазган. Бирок сайттын өзүнө гана шилтеме калтырып, макалага берилген эмес.
Биз ачык булактардан аталган журналдын макаласын таптык.«Весенник длинноножковый же Еrantis longistipitata өсүмдүгүнүн химиялык компоненттерин изилдөө: Кумариндер жана фурохромондор» деген аталыштагы макалада өсүмдүктүн жалбырактарында кумариндер, аминокислоталар, органикалык кислоталар, фурохромондор жана башка бирикмелер аныкталганын айтылат. Бирок изилдөө аяктай электиги жана мындан ары дагы улантылаары белгиленген.
ДССУ эмне дейт?
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сайтындагы глобалдык адабият бөлүмүнө Еrantis longistipitata өсүмдүгү тууралуу маалымат жайгаштырылган. Изилдөөчүлөрдүн арасында Орусиянын илимий фондунун сайтында аты аталган Андрей Эрст да жазылган. Маалыматта өсүмдүктүн жалбырагынан флавоноиддик бирикмелер аныкталгандыгы айтылат. Бирок шишиктерди жана башка онкологиялык ооруларды айыктыра алган кумарин жана фурохромондор тууралуу эч кандай маалымат жазылган эмес.
Жыйынтык: рак клеткаларын жок кылган гүлдүн касиети толугу менен изилденип бүтө элек. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда бул тууралуу маалымат жок.
Оставьте первый комментарий